Шыбакчы Бакыт Момуналиев эл аралык жарым марафондо 1-орунду жеңип алды

Шыбакчы Бакыт Момуналиев эл аралык жарым марафондо 1-орунду жеңип алды

«Кыргыз темир жолунун» кызматкери жарым марафондо 1-орунду жеңип алды. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы бүгүн, 27-сентябрда, билдирди.

Алардын айтымында, кечээ, 26-сентябрда, Бишкек шаарында ак илбирсти сактоого арналып өткөрүлгөн SNOW LEOPARD RUN эл аралык жарым марафонунда — 14 км аралыкта Бакыт Момуналиев 1-орунду ээлеген. Ал «Кыргыз темир жолу» УК” мамлекеттик ишканасынын оңдоо-өндүрүштүк иштер жана суу менен камсыздоо башкармалыгында шыбакчы болуп иштеп, сырдоо, ишкана имараттарын шыбоо сындуу жумуштар менен алектенет. Өзүнүн айткандары боюнча, алыска чуркоону бала кезинен жакшы көрөт. «Бош убактымда чуркаганга аракет кылам, бул мага сергек болууга жардам берет», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Бакыт Момуналиев буга чейин, тагырагы, 19-сентябрда өткөн ушундай эле иш-чарага да катышып, 2-орунду ээлеген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.