Индиянын Тышкы иштер министри Кыргызстанга келип, Руслан Казакбаевге жолугат

Индиянын Тышкы иштер министри Кыргызстанга келип, Руслан Казакбаевге жолугат

Индиянын Тышкы иштер министри Субрахманьям Жайшанкар 13-октябрга чейин Кыргызстан, Казакстан жана Арменияга барат. Иш сапары кечээ, 10-октябрда башталган. Бул тууралуу Индиянын маалымат каражаттары жазып чыкты.

Алардын айтымында, ал алгач Кыргызстанга 10-октябрда келип, Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугуп, 11-октябрда Казакстанга сапар тартат. Андан соң Арменияга багыт алат. Иш сапар учурунда эки тараптык кызматташуу талкууланып, айрым келишимдерге кол коюу күтүлөт. Кыргызстандын келишимдеринин кайсынысына кол койгону азырынча белгисиз, тагырагы, биздин ТИМ азырынча жарыялай элек.

Буга чейин 5-октябрда Мумбайда өткөн Doing business in Kyrgyzstan форумунда Кыргызстандын алтынын Индияга экспорттоо маселеси көтөрүлгөнүн ТИМ басма сөз кызматы кабарлаган. Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асейин Исаев Мумбай шаары менен Махараштра штатындагы ишкерлерге туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берген. Акыркы маалыматтар боюнча, 2018-жылы Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 37 миллион долларды түзгөн.

Салима  ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.