Бишкектеги жапырт уулануудан улам бардык коомдук тамактануу жайлары текшерилет

Бишкектеги жапырт уулануудан улам бардык коомдук тамактануу жайлары текшерилет

Бишкектеги кафелердин биринде адамдардын жапырт ууланышына байланыштуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору республиканын бардык аймагындагы тамак-аш сатуучу жайларды текшерет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кечээ, 25-октябрда билдирди.

Алардын айтымында, өкмөттүн 2018-жылы ишкердик субъектилерин текшерүүгө убактылуу тыюу салган токтомуна өзгөртүүлөр киргизилген. «Тамак-аш азыктарын сактоочу, ташуучу жана сатуучу объектилерде тамак-аш коопсуздугун сактоо боюнча техникалык регламенттеринин жана ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышын текшерүүгө киргизилген мораторий алынып салынды«, — деп жазылган министрлик тараткан маалыматта.

Белгилей кетсек, 23-24-октябрда Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамактан ууланып, медициналык жардам сурап 12 киши кайрылган. 25-октябрда ооруканага кайрылгандардын саны 120га жакындады. Кайрылгандар «Империя пиццынын» кафелеринен үйлөрүнө жеткирип берүү буйрутмасы менен суши-ролл жешкенин айтышкан. Уулангандардын арасында жаш балдар да бар. Ооруканада 14 бала жатат.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматына караганда, жапырт ууланууга байланыштуу «Империя пиццы» кафесинин Бишкектеги бардык тармактары убактылуу жабылды. Эпидемиологиялык иликтөөнүн алкагында кафе текшерилип жатат.

Коомдук тамактануу жайларында уулануу учурлары буга чейин да катталган. Быйыл март айында Аксыда алты адам арактан ууланып каза тапкан. Октябрдын ортосунда Сузакта 130дай адам тойдо ууланып, ооруканага кайрылган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.