Полковник Уланбек Аалиевдин туугандары, тарапташтары 29-октябрда пикетке чыгышат

Полковник Уланбек Аалиевдин туугандары, тарапташтары 29-октябрда пикетке чыгышат

Бул тууралуу Гүлзат Аалиева билдирди. Анын айтымында, Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, полковник эки айга (21-декабрга чейин) соттун чечими менен 25-октябрда камалган. Учурда УКМКнын убактылуу тергөө абагында.

«Бүгүн, 28-октябрда, биз УКМКнын алдына үй-бүлөсү, бир туугандары, тарапташтары Улан Аалиевди бошотууну талап кылып чыктык. Биз менен кошо шылуунга акчасын алдатып жиберген 31 үй-бүлө да чыкты.  Биздин алдыбызга УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев чыгып, Башкы прокуратурага жиберип жатып, Курманкул Зулушевге чалып коерун айтты. Ал жакка барсак, эч ким чыккан жок. Эч бир жыйынтык болбогондуктан. биз 29-октябрда да пикетке чыгалы деп жатабыз. Анткени бир тууганыбыз Уланбек Аалиевдин кармалганы негизсиз болгонун анын адвокаты билдирди«,-дейт Г.Аалиева.

Эске сала кетсек, Уланбек Аалиевге «ири өлчөмдө пара талап кылган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген айып тагылып, шек саналып кармалганын 22-октябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирген.
Уланбек Аалиев Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп ушул жылдын февралында дайындалган. Ага чейин Нарын облустук милициясын жетектеген.

Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.