БШК: «Азыр арыздар каралууда… 20 күндүн ичинде шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланат»

БШК: «Азыр арыздар каралууда… 20 күндүн ичинде шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланат»

Бүгүн, 3-декабрда БШК арыз-даттанууларды кароо уланып жатканын, добуштарды кол менен саноо 96%дан ашканын жана 20 күндүн ичинде шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланарын билдирди.

БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматовдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, арыз, кайрылууларды кабыл алуу кечээ, 2-декабрда бүткөн. Учурда БШКнын тиешелүү жумушчу топторуна келип түшкөн арыз-даттануулар каралууда. Бир топ иштер мамлекеттик органдардын кароосунда, керектүү корутунду, соттук чечимдер кабыл алынат. Мыйзам боюнча, шайлоонун расмий жыйынтыгы 20 күндүн ичинде чыгат. Соңку чечим ага жетпей чыгып калышы да ыктымал.

Эдил БАЙСАЛОВ: «Азырынча шайлоонун жыйынтыгы чыга элек, сабырдуу болуп күтөлү!»

деген пикирин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Эксперттер талдайт» талкуусунда билдирди:

Таза шайлоо менен ааламды таң калтыра алган жокпуз…

Кыскасы, БШК да, бийлик да, чынында, эмне болгонун түшүндүрө албай жатат. Шайлоону өткөрүүгө кыйыр да, түз да катышы бар “кызмат адамдарынын” ар кыл дөдөмөл-божомол, жоромолду айтып чыккандары бурмалоолордон шек саноону арбытты. Маселен, Шайлдабекова алгач башында: “Ар бир урнада шайлоочулар добушун санаган программалаштырылган система бар. Ал абдан көп маалыматты камтыйт. Сайтка алгач башка программаны жүктөп алышыптыр” деген жүйөнү айтып чыкты. Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов “болжол менен 20 өлкөдөн жасалган хакерлердин чабуулу экен, эксперттер айтышты, сервер коргоосу мыктылыгынан эле аман калыптыр” деп чыкты. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары (азыркылардын кызматтарын айта берип тил сына турган болду) Эдил Байсалов: “Кайдагы хакерлер?! үзгүлтүк да болгон жок. Сервер да, система да кадимки шартта иштеп жатты. Жарыя кылуу таблицалардын бириндеги формуладагы болбогон катачылык” деп Twitterдеги баракчасына жазды. Кийин башкасын айтып чыкты…

Кыскасы, таза шайлоо менен ааламды таң калтыра алган жокпуз…

Балээнин баары АСУдан башталды…

Эске сала кетсек, 28-ноябрда парламенттик шайлоо болуп өттү. Шайлоо тилкелери жабылгандан кийин, БШК сайты эмнегедир ошол күнү эки жолу, кийин да иштебей калган. Биринчисинде — партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Экинчисинде — АСУдан (автоматтык эсептөө урна) түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан newess.shailoo.gov.kg сайты жабылып калган.
Бир катар партиялар да, бир мандаттуу округдагы айрым талапкерлер да, шайлоочулар да муну «көз боёмочулук» деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылышууда… Партиянын лидерлери менен БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 1-декабрда жолугушуп, алардын ага болгон нааразычылыктарын угуп, аябай тил уккан… Баарын түшүндүрүүгө аракет кылды, бирок, окшошпой койду.
2-декабрда парламенттик шайлоодо бир мандаттуу округдардан катышып, БШКнын баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон 7 облустагы талапкерлер БШКга чогулуп, нааразычылыктарын тизмелеп айтып беришкен. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Күнөө менде эмес, сенде эмес, адисте…

Президент Садыр Жапаров, БШК (Борбордук шайлоо комиссия) система адистин катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир бербегенин билдирип жатышат. Президент Боршайкомдун майда-чүйдө катасынан, айрыкча, парламентке өтпөй калган партиялардын ишенбөөчүлүгүн пайда кылганын, БШКдагы сервердин бузулуунун чоо-жайын УКМК териштирип жатканын «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирген.
Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.
УКМК да адистин катасынан кеткенин билдирген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.