ВИДЕО — Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова Алексей Рогов менен жолугуп, эмнени сүйлөштү?

ВИДЕО — Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова Алексей Рогов менен жолугуп, эмнени сүйлөштү?

Бүгүн, 3-декабрда, Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов менен жолугушту. Бул туралуу басма сөз кызматы билдирди.

Төрайым Н. Бакирова ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесине жазык сот өндүрүшүндө соттук-укуктук реформаларды жүргүзүүдө, соттордун потенциалын жана квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу иш-чараларын үзгүлтүксүз өткөрүүдө сот тутумуна көп жылдык кызматташуусу жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, ал ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өлкөдө стабилдүүлүктү, тынчтыкты чыңдоодогу, өлкөнүн мыйзам үстөмдүгүн өнүктүрүүдө, ошондой эле адам укуктары жаатындагы ролунун маанисин жана маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашып, сот тутумунун жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүсүн тереңдетүүгө жана бийликтин сот бутагынын имиджин бекемдөө чараларына байланыштуу айрым маселелерге токтолушту.

Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара белектер менен алмашып, мындан аркы кызматташуу жана тыгыз байланыштар зарылдыгын ырасташты. Ошондой эле белгиленген пландарды ишке ашырууда жемиштүү жана конструктивдүү кызматташтыктын улана беришине ишеним билдиришти.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.