ИИМ “16 күндүк зомбулуксуз жашоо” аттуу иш-чара өткөрдү. Окуучулар мемориалдык тактага гүл коюшту…

ИИМ “16 күндүк зомбулуксуз жашоо” аттуу иш-чара өткөрдү. Окуучулар мемориалдык тактага гүл коюшту…

Бүгүн, 3-декабрда, Ички иштер министрлигинин жыйындар залында “16 күндүк зомбулуксуз жашоо” акциясына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага министрдин орун басары, милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов, Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова, Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Боромбаева, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм начальниги, милициянын полковниги Нуржан Адылова, «Оэйсис» кайрымдуулук фондунун директору Мээрим Осмоналиева, Аламүдүн районунун Лебединовка №2 мектеп-гимназиясынын директору жана окуучулары катышты.

Иш-чаранын негизги максаты — ички иштер органдарынын өкүлдөрү менен өсүп келе жаткан муундун ортосунда ишенимдүү мамилелерди түзүү.

Иш-чаранын башын Октябрь Урмамбетов ачып, катышуучуларды куттуктап, коомдун үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукка каршы көз карашын калыптандыруу, жарандардын зомбулуктун бардык түрлөрүнө карата түшүнүгүн жогорулатуу керектигин билдирди. Надира Жусупбекова Кыргызстан КМШда (Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги) биринчилерден болуп “Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө” мыйзамды кабыл алганын, муну менен үй-бүлөлүк зомбулукту тааныгандыгын айтып, «Коркунучтуу жана кабыл алынгыс көрүнүштөр менен ар бир адам күрөшүүгө тийиш. Биргелешкен аракет менен гана урпактарыбыз сыймыктана турган өнүккөн Кыргызстанды кура алабыз”,-деди.

№2 мектеп-гимназиясынын окуучулары концерттик программа тартуулашты. Аларга социалдык роликтер көрсөтүлүп, белек-бечкектер тапшырылды. ИИМдин административдик имаратына жана полковник С.Наматбаев атындагы ИИМдин музейине экскурсия уюштурулду. ИИМдин Басма сөз кызматынын иштөө боюнча модернизацияланган борбору, ИИМдин тарыхы, иши жана негизги функциялары менен таанышты. Аягында алар мемориалдык тактага гүл коюп, кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин элесине таазим кылышты.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.