Рахат Керимбаева аймактарда инновациялык долбоорлорду ачуу керектигин Ханс Фарнхаммерге айтты…

Рахат Керимбаева аймактарда инновациялык долбоорлорду ачуу керектигин Ханс Фарнхаммерге  айтты…

Бүгүн, 17-декабрда Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатенттин) директору Рахат Керимбаева Европа биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Ханс Фарнхаммер менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргызпатенттин инновациялык идеяларды иштеп чыгуудан баштап, укуктук коргоону камсыздоо жана интеллектуалдык менчик объектилерин коммерциялаштырууга чейинки интеллектуалдык ишмердикти өнүктүрүү боюнча аткарып жаткан иштери тууралуу айтып берди. Ошондой эле, “40 райондон – 40 демилге” долбоору жана аймактарда инновациялык долбоорлорду ачуу идеялары менен бөлүштү.

Ханс Фарнхаммер Кыргызпатенттин өлкөнү өнүктүрүүдөгү ишмердигинин маанилүүлүгүн баса белгилеп, Европа биримдигинин өкүлчүлүгү тарабынан ишке ашырылган долбоорлору тууралуу айтып берди.
Пикир алмашуудан кийин тараптар мындан ары биргелешип аракеттенүүгө жана кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти. Жолугушуунун соңунда Кыргызпатенттин директору Р. Керимбаева конокторго инновациялык борбор менен тааныштырды.
Кыргызпатенттин басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.