ЖАПАРОВ: «Айгүл Жапаровна депутаттын тагдырын чечмек турсун, бир уборщицаны да кызматка койбойт»

ЖАПАРОВ: «Айгүл Жапаровна депутаттын тагдырын чечмек турсун, бир уборщицаны да кызматка койбойт»
Президент Садыр Жапаров  «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу бүгүн (17-декабрда) Жогорку Кеңешн депутаты, «Альянс» партиясынан кийинки чакырылышка талапкер болгон Жанар Акаевге Токтобүбү Оргалча, Нуржан Шайлдабекова жана жубайы Айгүл айым тууралуу  жооп берди. Толугу менен төмөндө:
Ар кандай саясий маселелерге байланыштуу ушак сөздөргө көңүл бурбай, жооп бербей эле коеюн дедим эле. Бирок айрым учурларда жооп бербесең, калктын калың катмары мындай чындыкка коошпогон кептерден күмөн санап, айрымдары болсо ишенип алышат экен.
Айлана-чөйрөмдөгүлөр “жооп бербей эле коюңуз, буларга жооп бериш сиздин деңгээл эмес” деп чыгышат. Мен жалпы элге мурдагылардын катасын кайталабайм деп сөз бергем. Мурдагылар айлана-чөйрөсүндөгүлөрдүн сөздөрүнө кирип жүрүшүп, «чын эле менин деңгээлим эмес» деп, коомчулукта чуу жараткан маселелерге жооп да бербей, түшүндүрмө да бербей келишип, акыры калктын калың катмарынын нааразычылыгына кабылышты. Жыйынтыгында үч жолу ыңкылап болду.
Эми кечээги Жанар Акаевге байланыштуу маселе боюнча. Жанар иним, өзүңдүн ичиң толо арам болсо эле мени да өзүңдөй ойлобо. Тескерисинче, БШК төрайымы Н. Шайлдабековага кимдир бирөөлөр барып, “президент менен макулдаштык, Жанар Акаевди колдоп койсун деди” дешиптир. Мен Н. Шайлдабековага “бир гана мыйзам талабы жана адилеттүүлүк менен чечкиле, эч ким силердин ишиңерге кийлигишпесин” дедим. Ким барганын, атын да сураганым жок. Аны БШК төрайымы өзү айтсын.
Биз шайлоо башталгандан бүгүнкү күнгө чейин БШКнын бир дагы ишине кийлигишпедик. Мыйзамсыз чечим чыгарышса, өздөрү керт баштары менен жооп беришет. Башынан эле ушундай талап коюп келе жатам.
Ал эми Токтобүбү Оргалча боюнча. Ушундай талапкер бар экенин ушул тема чыкканы билдик. Токтобүбү айымды Айгүл Жапаровна эмес, атасы да тааныбайт. Мурда «Эл Үмүтү» партиясына чаптап жүрдүңөр эле, эми «Альянс» партиясына чаптайсыңарбы? «Альянс» партиясы өздөрүн оппозициялык партиябыз деп жүрүшпөйбү?
Айгүл Жапаровна депутаттын тагдырын чечмек турсун, бир уборщицаны да кызматка койгон жок жана койбойт дагы. Анын бир эле иши бар – жетим-жесирлерге жардам берүү.
Мындан ары ушундай ушактардан алыс болушуңуздарды суранамын.
Эң кызыгы бир ай бою жетелешип алып, эл кыдырып, бири-бириңерди оозуңар талганча мактап жүрүп, анан эми бүгүн кайра “шпион, уйгур, четтен келген” деп жамандап калганыңар Кудайга да жакпайт.
Ал эми аялдардын квоталары боюнча. Баарыңар эсеп-чотту жакшы билесиңер. Комиссия түзүп барып БШК менен биргеликте санап чыккыла. Мыйзам боюнча 30 пайыздан кем эмес аял болуш керек деп турат. Эгер 30 пайыздан ашып кетип, анан эле БШК Жанардын мандатын тартып алып, туура эмес чечим чыгарып жаткан болсо, анда иш козгоп, жоопко тарталы!

Токтобүбү ОРГАЛЧА: «Мени кытай, уйгур, шпион дегендер…»

Токтобүбү Оргалча кызы да өзү тууралуу маалыматты «Фейсбуктагы» баракчасына кечээ, 16-декабрда,  жазып, чоң ата, чоң апасы, ата-энеси, бир туугандарынын сүрөттөрүн жайгаштырды. Ал сөзүн: «Мени кытай, уйгур, шпион дегендер төмөнкү сүрөттү жакшылап көрүп алыңыздар»,- деп баштап, мындай деп уланткан:

Мен Токтобүбү Оргалча кызы 1972-жылдын 10-сентябрында Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусунун Акчий ооданында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулгам. 1990-1995-жылдары Синьцзян медициналык университетинде жогорку билим алып, врач-кардиохирург кесибине ээ болгонмун. Андан соң 1995-жылдан 2012-жылдарга чейин Пекин медициналык университетинин аспирантурасында билим алуумду уланттым. Окуумду ийгиликтүү аяктагандан кийин 3 жылдай Кытайдын ири шаарларынын бири Гуанчжоуда ишкерлик менен алектендим. 2015-жылы ата-бабаларымдын тарыхый мекени болгон Кыргызстанга көчүп келип, үй бүлөм менен негиздеген “Шыдыр Жол Кей Джи” ишканасында ушул убакытка чейин эмгектенип келе жатам.
Мен табиятыман искусствого жакын болуп чоңойдум. Бош убактыларымда ырдаганды жактырам. Айрыкча мекенди сүйүү ырларын өтө сүйүп угуп, аткаргым келет.
Жолдошум экөөбүз бир уул, бир кызды тарбиялап өстүрүп жатабыз .

БШКнын чукул өзгөрткөн жобосу жана ал жараткан чуу…

БШК гендердик квота тууралуу жобосун чукул — 15-декабрда өзгөрттү. Ага ылайык, үч мандат алган партиядан — бир, жети мандат алган партиядан — үч аял депутат болуп келет. Мындан улам «Альянс» партиясынан депутаттыкка талапкер Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча мандат алары белгилүү болгон. Күтүлгөндөй эле, БШКнын мындай чечими «босого чектен өттүк, мынчабыз депутатпыз» деп ураалап жаткандардын айрымдарынын супсунун суутуп чуу жаратты. «Альянс» саясий партиясы гендердик квота тууралуу жобосун чукул өзгөрткөндүгү үчүн БШКны сотко берээрин да билдирген.

Жанар АКАЕВ: «БШК мүчөлөрү жана буйрук бергендер, силердин уятыңарда болсун!»

Эл өкүлү Жанар Акаев БШКнын чукул өзгөрткөн жобосу тууралуу билдирүү таратты. Анда ал: «Боршайкомдун жетекчилиги жобону өзгөртүү үчүн 13-декабрда отурум кылган, бирок, өтпөй калган. Эки күн ичинде БШКнын ар бир мүчөсүнө жогорудан салам айттырып отуруп, акылга сыйгыс кадамга барышты. Жеңүүчүлөр аныкталгандан кийин, бир адамга карата атайын эрежени өзгөртүү эч бир логикага сыйбайт жана жеткен коркоктук. БШКнын эрежени шайлоодон кийин өзгөрткөн чечими менде эле эмес, элдин баарында күмөн ой жаратты. Мындай адилетсиз буйрукту аткарган БШК мүчөлөрү жана буйрук бергендер, силердин уятыңарда болсун«, — деген…

Эске сала кетсек, парламенттик шайлоо 28-ноябрда болуп өттү. АСУ жана адамдык факторлор жараткан алешемдик боюнча канчалык чырылдабайлы, кол санак менен аныгына жеттикпи-жокпу, айтор, БШК маалыматы боюнча, 5%дык босого чектен 6 партия өткөн. «Ата-Журт Кыргызстан» — 17.32%, «Ишеним» — 13.61%, «Ынтымак» — 11.00%, «Альянс» — 8.35%, «Бүтүн Кыргызстан» —  7.04%, «Ыйман Нуру» —  6.17% алган…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.