Кыргыз жоокерлерин Казакстанга жиберүүгө каршы болгон депутаттар (тизме)

Кыргыз жоокерлерин Казакстанга жиберүүгө каршы болгон депутаттар (тизме)

Бүгүн, 7-январда, Жогорку Кеңеш депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, Казакстандагы соңку кырдаалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) алкагында, биздин аскерлерди ал жакка жөнөтүү маселесин карап, алгач ачык талкуулап, аягында жабык эшик артында чечим кабыл алышты. Парламент жыйынына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров орун басарлары менен, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев, ИИМ жетекчиси Улан Ниязбеков, ТИМ башчысынын орун басары Ниязалиев катышып, депутаттардын суроосуна жооп берип жатышкан болчу…

Жыйын башталганда төрага Талант Мамытов «53 депутат каттоодон өттү, кворум бар» деп, бирок айрым эл өкүлдөрү «башка партия лидерлери эмнеге жок, башка депутаттарчы, келишсин, чакыргыла» деп жатып чакыртышты окшойт, жабык эшик артына 70тен ашык депутат топтолуп, чечим кабыл алынганда 69 депутат колдоду болуп калыптыр…

Кыргыз жоокерлерин Казакстанга жиберүүгө каршы болгон 7 гана депутат:

1. Нуржигит Кадырбеков («Ыйман Нуру»);
2. Дастан Бекешев (Октябрь бир мандаттуу округу);
3. Исхак Масалиев («Бүтүн Кыргызстан»);
4. Динара Ашимова («Ыйман Нуру»);
5. Султанбай Айжигитов («Ыйман Нуру»);
6. Сеидбек Атамбаев (Аламүдүн округу);
7. Эрулан Көкүлов («Ынтымак»).

Депутат Нуржигит Кадырбеков: «Кыргыз жоокери кокус бир нерсе болуп кетсе, жоопкерчиликти депутаттар алат. Анткени биздин чечим менен кабыл алып жатат да бул маселе. Андыктан мен адамдын каны үчүн жооп берүүгө даяр эмесмин!», — дегенде Ташиев: «Бул чечилген чечим. Президенттин сунушу. Биз көчөдөн келип эле силерге жалынып-жалбарып жаткан жокпуз! Добуш бере албасаңар, анда укчукпай отургула, урматтуу депутаттар! Пиар жасабагыла,  саясатташтырбагыла!», — деп къпълдёп ачууланып да кетти. Ага Нуржигит Кадырбеков ыймандуу да, мыйзамдуу да жооп берди:

«Камчыбек ТАШИЕВ: «Кыргызстандан Казакстанга 150 аскер, брондолгон 8 техника, 11 машина барат»

Жогорку Кеңештин жыйынына баяндамачы катары кечээ Министрлер Кабинетинин чечими менен дайылдалган УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев (мындан сырткары, ага Казакстандагы окуялардын өнүгүүсүнө реакция кылуу боюнча өкмөттүк штабды ыкчам жетектөө милдети да жүктөлгөн — авт.) орус тилинде баяндама жасады. Анда ал Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) алкагында, Армения, Беларус, Орусия, Тажикстан канча аскер жибергени боюнча маалымат берип, Кыргызстандан Казакстанга 150 аскер, брондолгон 8 техника, 11 машина барарын билдирди. Депутаттардан: «Провокация болбойбу? Биздин аскерлердин коопсуздугуна кепилдик барбы?» сыяктуу суроолор берилди эле, Ташиев: «Эч ким эч кимге кепилдик бере албайт!» деп ачык эле кесе айтты.

Буга чейин президент Садыр Жапаров кечээ кечке маал элге, депутаттарга кайрылуу жасаган. Депуттаттардан каршы болбоону суранган ажонун ал кайрылуусун толук бул жерден окусаңыз болот.

Эмне дейбиз, арга жок, айла жок, кыргызымдын жигиттерине амандык тилеп, ак батабызды беребиз. Аман-эсен Казакстанга жетип, Кыргызстанга түгөл кайтып келип бизди кубантышын Алла тааладан тилейбиз!

Маалымат үчүн, ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет. Бардык тараптардын белгилүү эсептеги жоокерлери казак жерине жетип, ар бир мамлекет койгон шарт-талаптардын негизинде тийиштүү иш-аракеттерине киришти жана жакына арада киришет…

Уюткулуу улут боордош казак элинин да акылмандык менен кырдаалдан чыгуусун Алла тааладан тилейбиз…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.