ТОКАЕВ: «Бандиттер жана террорчуларды жок кылыш керек! Ал жакын арада толук аткарылат!»

ТОКАЕВ: «Бандиттер жана террорчуларды жок кылыш керек! Ал жакын арада толук аткарылат!»

Токаев террорчуларга каршы эскертүүсүз ок атууга буйрук берди 

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 7-январда, мамлекеттик телеканалдар аркылуу кайрылуу жасап, соңку кырдаал боюнча маалымат да берди. Анын айтымында, антитеррордук операциялар уланууда. Анын айтымында, өлкөдө антитеррордук операциялар уланууда. Террорчулар мамлекеттик, жеке менчик мүлктөргө зыян келтирүүдө. Ошондон улам, ал укук коргоо органдарына жана армияга эскертүүсүз ок атууга буйрук берген. «Бандиттерди, террорчуларды жок кылыш керек, бул жакын арада толук аткарылат!» деп билдирди Токаев.

Кант авиабазасынан 150 жоокер-офицерибиз учуп кетти

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын аскердик контингентин Казакстан Республикасынын аймагына тынчтыкты сактоо ишине катышуу үчүн жөнөтүү жөнүндө» Жарлыкка бүгүн, 7-январда, кол койду. Президенттин Жарлыгы менен биздин аскер кызматкерлери Казакстанга учуп кетишти. Тагырагы, «Скорпион» атайын бөлүгүнүн 150 офицери, брондолгон 19 техника Кант авиабазасынан жөнөп кетишти…

Казак элинин толкуну эмнеден башталып, эмне болуп уланды?

Нааразычылык акциясы Казакстандын Мангыстау облусундагы мунай калаасы Жаңы-Өзөндө 2-январда башталган. 31-декабрда 100 теңге турган суюлтулган газ баасы бир түндө 120 теңге (23, 9 сом) болуп кескин кымбатташына нааразы эл борбордук көчөлөрдүн бирин жол кыймылын токтотуп тосуп, газ баасын 50-60 теңгеге түшүрүү талабын коюшкан.

Бирок Казакстан энергетика министрлиги менен облустук бийлик өкүлдөрүнүн бул талап орундалышы мүмкүн эместиги айтылган «Азыр биржада бир литр газ 70-85 теңге, бул газды ташуу операциялык чыгымдарды кошпогондогу сумма. Мурдагы 60 теңгелик бааны кайтаруу мүмкүн эмес» деген билдирүүсү кошумча болуп, Жаңы-Өзөндөн башка да газ баасы эки эсе кымбаттаган Атырау, Курыке, Акшукуре, Актау аймактарында да эл нааразылыгы башталып, толкундоолор жанданып, 4-январда күчөп, 5-январга караган түнү Алматы шаарында күч органдары менен элдин ортосунда кагылышуулар да болгон.

Ошол күнү эртең менен Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкасын кабыл алып, Коопсуздук кеңешин эми Нурсултан Назарбаев эмес, өзү жетектей турганын, эч жакка кетпестигин, эл менен болорун айтып эки жолу элге кайрылып, бирок көп узабай Коопсуздук кеңеш жыйынын өткөрүп, өлкөдөгү башаламандыкты токтотуп, тартипти орнотуу максатында деп Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан жардам сурап кайрылды. Ал кайрылуусунда өлкөдө болуп жаткан окуяларды «сырткы агрессия», «чет жактан олуттуу даярдыктан өткөн террорчулар уюштуруп жатат» деп баалап да жиберди…

«Биз карапайым калкпыз. Биз — террорист эмеспиз!»

Боордош казак эли президенти Токаевдин айткандарын четке кагып, «Биз карапайым калкпыз. Биз — террорист эмеспиз!» деп плакаттарга жазып алып, жолдо, талаада зар какшап айтып турушат…

30 жылдан бери чыдашканын, акыры жарылышканын да айтып чыгышууда…

Айтор, кошуна мамлекетте тынчтык калыстык менен орноп,  карапайым боордошторубузду бөөдө кырсык баспаса экен, байкабай, сырттан жардамга барган жоокерлерден ок атылбаса экен деп Алла тааладан тилейбиз!

Маалымат үчүн: ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет. Бардык тараптардын белгилүү эсептеги жоокерлери казак жерине жетип, ар бир мамлекет койгон шарт-талаптардын негизинде тийиштүү иш-аракеттерине киришти, айрымдары жакына арада киришет…

Уюткулуу улут боордош казак элинин да акылмандык менен кырдаалдан чыгуусун Алла тааладан тилейбиз…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.