Бүгүн, 1-мартта президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасына алтын боюнча төмөндөгүдөй пост калтырды:
— Мен кечээ кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, акчасы барларга (бизде, Кудайга шүгүр, чет өлкөлүк банктарда же үйлөрүндө акчасын сактаган жарандарыбыз көп) акчаңарды алтын менен сактагыла, жүздөгөн жылдар бою алтын өз кунун жоготпойт дедим эле. Бүгүндөн баштап Улуттук банкта алтын сатып алууга кезекке тургандар көбөйдү. Туура кыласыздар, чет өлкөлүк банктарда же үйдө кагаз акча менен сактагандан көрө, алтын менен сактасаңыздар, жүз жылдан кийин болсо дагы күйбөйсүздөр. Сом менен доллар өз кунун жоготуп коюушу мүмкүн, ал эми алтын өз кунун эч качан жоготпойт.
Садыр ЖАПАРОВ: «Алтын эч качан кунун жоготпойт!»
Кечээ, 28-февралда мамлекет башчысы дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын экономикасынын жагдайы боюнча элге кайрылуусун «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирген. Андагы кайрылуусунда кыргызстандыктарды Улуттук банктан алтын сатып алууга чакырган. Андагы кайрылуусун толугу менен төмөндөн окуй аласыздар:
— Урматтуу кыргызстандыктар!
Акыркы күндөрдө эл аралык жагдай жана дүйнөлүк рыноктогу кырдаал кескин курчуп кетти. Баарыңыздарга маалым болгондой, күйүүчү майга карата баанын бир топ жогорулоосунан улам, өлкөбүз чоң кыйынчылыктарды башынан кечирүүдө. Ун жана башка дан азыктарынын баалары өтө кымбаттады. Мунун баары республикабызда коронавирус пандемиясынан улам, экономикабыз калыбына келе элек маалда болуп жатат.
Жакынкы арада улуттук валютабыз катуу басымга кабылышы ыктымал. Эл аралык кырдаал чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештерибизге да терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Министрлер Кабинети тарабынан каатчылыкка каршы иш-чаралар планы иштелип чыккан.
Бардык министрликтерибиз тарабынан жарандарыбызга сырткы таасирлерди жумшартуу үчүн атайын чаралар көрүлөт. Азыр биздин биринчи приоритетибиз экономикалык потенциалыбызды мүмкүн болушунча сактап калуу болууда.
Биз жалпы журтубуз менен бул сыноодон татыктуу өтүү үчүн колдон келгендин баарын жасоого аракеттенебиз. Албетте, бул кыйынчылыктардан пайдаланып, элибиздин ынтымагын бузуп, баш аламандыкты, араздашууну көздөгөн күчтөр чыгары белгилүү. Мен алдын ала эскертип койгум келет, алардын аракеттеринен эч майнап чыкпайт.
Мамлекетибиз менен элибиз азыр ынтымакта жашап жатат. Азыр эң башкы максат — элибизди, ар бир үй-бүлөнү азык-түлүк коопсуздугу менен камсыз кылуу. Ошондуктан бүгүнкү күндө бир да талааны бош калтырбай, эгин айдоо үчүн бардыгын жасап жатабыз. Биз өзүбүздүн айыл чарба продуктыларын өндүрүүнү жана аны кайра иштетүүнү кыйла көбөйтүүгө тийишпиз.
Ар бир тамчы суу кымбат, мындай кыйын мезгилде каналдарды, арыктарды тазалоого, болгон нымдуулукту үнөмдөөгө керек болгон каражаттардын баарын бөлдүк.
Быйыл айыл чарба тармагына 26 миллиард сом бөлүндү. Ушул жерден жалпы дыйкандар менен фермерлерге ачык айтып коеюн, бул сумма быйыл бардык фермерлер менен дыйкандарга жетпейт. Анткени өлкө боюнча 400 миңден ашуун дыйкан жана фермер бар. Быйыл жетишинче алсаңар, Кудай буюрса, эмдиги жана аркы жылдары дагы көбүрөөк акча бөлүп, үч жылда бардык дыйкандар менен фермерлерди камсыз кылабыз деген пландарыбыз бар.
Азыр казынабызда болгон акчабызды берип жатабыз. Эгер акчабыз жетиштүү болгондо быйыл эле баарыңарды камсыз кылат элек.
Ушул жерден бир чындыкты айтып коюшум керек. Өлкөбүз эгемендик алганы биринчи жолу айыл чарбасына ушундай чоң суммадагы каражат бөлүнүп жатат.
Биздин ишкерлерге өзүнчө кайрылгым келет, бизге азыр өндүрүштүк ишканаларды түзүү керек. Албетте, сооданы активдүү өнүктүрүүнү улантабыз. Бирок өзүбүздүн продукцияларыбызды экспортко көбүрөөк чыгарышыбыз керек.
Каражатты алтынга салуу мүмкүнчүлүгүнө көңүл буруу абдан маанилүү. Биз алтын куймаларын каалаган санда сатып алууну өзгөчө жеңилдеттик. Ар бир валютанын куну качат. Биздин алтындын гана баасы өсөт. Ошол үчүн акчасы бар жарандарыбыз Улуттук банктан алтын сатып алыңыздар. 1 граммдан баштап, 13 килограммга чейинки алтын куймаларын каалаган көлөмдө сатып алсаңыздар болот, чек жок.
Башка өлкөлөргө алып чыгып кетүүгө да чек жок. Эч кандай төлөмдөр да жок, ушундай шарт түзүп койдук. Капиталыңарды кагаз акча менен сактагандан көрө алтын менен сактаңыздар. Ошол эле Улуттук банк сактап берет же ар ким кайда сактаса өзү билет.
Алтын эч качан кунун жоготпойт. Керек болсо кайсы убакта болбосун, кайра эле Улуттук банкка сатып жиберсеңиздер болот. Улуттук банк учурдагы базар баасы (кардар сатып жаткан маалда наркы кайсы баада болсо ошол баа) менен сатып алат.
Экономиканын бир нече тармактарын өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан жигердүү дем берүүдөн тышкары, жакынкы апталарда өлкө боюнча “Мекен чакырыгы” аттуу акы төлөнүүчү коомдук жумуштар программасы да ишке кирет. Бул жүз миңдеген жарандарыбыздын Кыргызстанды жакшыртууга салым кошуусуна жана өз үй-бүлөлөрүн камсыз кылуусуна шарт түзөт.
Калктын аялуу катмары: жалгыз бой калгандар, жетимдер жана кары-картаңдар социалдык камсыздоо органдарынан болушунча колдоо алышат.
1-апрелден баштап мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштегендердин айлык акылары көтөрүлөт. Эң башкысы — азыр дүрбөлөңгө түшпөй, сабырдуу болуу. “Өлбөгөн жанга жаз да келет” деп ата-бабаларыбыз айткандай, жергебизге жаз да келди! Убактылуу ар кандай кыйынчылыктарды чогуу жеңебиз. Мамлекет эч кимди көңүл сыртында калтырбайт. Биз тынчтыкта жана ынтымакта жашайбыз!
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы