Президент 1 млн кг кумшекер, 500 тонна өсүмдүк майын камдап коюуну тапшырды
Буга чейин президент Садыр Жапаров азык-түлүктүн кескин кымбаттап жатканына байланыштуу 1 миллион килограмм кумшекердин жана 500 тонна өсүмдүк майынын запасын даярдап коюуну тапшырган.
Белгилей кетсек, өткөн жумада Бишкектеги чоң супермаркеттер айрым негизги товарларды сатууда чектөөлөрдү киргизип, бир адамга чектелүү гана өлчөмдөгү товар сатыла баштаган. Базарларда, ири дүкөндөрдө кумшекердин, өсүмдүк майынын баасы кескин кымбаттаган. Өкмөт Кыргызстанда беш айга жете турган кумшекер менен өсүмдүк майы бар экенин билдирип, элди дүрбөлөң түшпөөгө чакырган.
Орусия 24-февралда Украинада согуш баштагандан бери доллар кескин кымбаттап, Орусияга карата катаал экономикалык санкциялар киргизилүүдө. Орусиянын өкмөтү Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө дан азыктарын жана кумшекерди экспорттоого 31-августка чейин тыюу салды.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы