Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин директору болуп Төрөхан Жунусбеков дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Төрөхан Жунусбеков буга чейин 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо №21 Талас округунан депутаттыкка талапкерлигин койгон. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоого да катышкан, анда «Мекенчил» партиясынын тизмеси менен барган. Андан кийин «Мегаком» компаниясынын жетекчисинин кеңешчиси болуп дайындалган.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы