Кыргыз поэзиясынын “…кыргыз поэзиясында эч кимге окшобогон, эч кимди кайталабаган жана эч качан, эч ким тарабынан экинчи кайталанбай турган өзүнчө бир уникалдуу акын” баасын алган чыгааны, Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин арабыздан узап кеткенине 18 жыл болот…
Көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак…
Италияда жашап, иштеп жаткан кызы Гүлсана Сарногоева менен Вотсап аркылуу байланышып, “90 жылдык мамлекеттик деңгээлде өткөрүлчүдөйбү” деп собол узатып, башка да суроолор жаралып кыскача маек курдук. Маегибиз башталышы эртеӊки — 2-апрелге туура келген Ыйык Рамазан айы менен элибизди куттуктоодон башталды…
— Эже, сөз башы кылып маегибизди балалыктан баштайлы. Учурдагы жашоосу алыскы Италияда өтүп жаткан сиздин бала кезиңиз кай жерде, кандай өттү эле?
— Алгач мен, учурдан пайдаланып, кыргыз элин эртеӊки, 2-апрелде баштала турган Улуу Рамазан айы менен куттуктап коеюн. Эң башкысы бардык жерде тынчтык, береке, жакшылыкты каалайм… Эми суроого келсем, балалык чагым керемет Ысык-Көл облусуна караштуу Талды-Суу айылында өткөн. Таята-таенемдин колунда чоӊойгом. Ата-энем мектепте жайкы каникул башталганда бир туугандарымды ээрчитип алып айылга келишчү. Ата-энемдин келатканын кошуна жеңем: «Сүйүнчү, сүйүнчү! Кыз менен күйөө бала келатат» деп сүйүнчүлөп чуркап келчү. Атам эки күн болуп эле, андагы Фрунзе, азыркы Бишкек шаарына жол тартчу. Апам, бир туугандарым биз менен үч айдай айылда калышчу. Сентябрга аз калганда атам келип, апамды, бир туугандарымды алып кетчү. Албетте, атам жөн эле келип-кетип калчу эмес, күйөө балалык милдетти да аткарчу. үч-төрт күн жүрүп, таята, таенеме жардам берчү. Журналист Касымалы жездем экөө чарбактагы бедени шурудай тизип чабышчу. Чөп кургаганда чөмөлө кылып үйүп салышчу.
— Балалыгыңызда атаңыздын жанында көп болбопсуз да…
— Ооба. Мен атамдын кандай ата экенин айылдан 10-классты бүтүп шаарга келгенимден кийин тереңирээк биле баштагам. Атамдын кен пейилдигин, көрөгөчтүгүн байкагам. Атам адамдын кандай экенин көзүнөн эле билип койчу. Бул баамчылдыгы тууралуу айтып жүргөндөр да бар… Атамдын үйдө өзүнүн бөлмөсү бар болчу. Кээде бизди ошол бөлмөсүнө чакырып, отургузуп алып тарых, адабият, спорт тууралуу болобу, баарын өтө кызыктуу кылып айтып берчү. Кээде баарлашуу арасында Бахтияр иним менен шаңдуу комуз чертип биздин көңүлүбүздү ачышчу… Бакай иним болсо, сүрөттү жакшы тартчу, күлкүлүү карикатураларды тартып көңүлүбүздү көтөрчү…
— Баястан агаӊызчы, эмнеге шыктуу эле?
— Баястан байкем кичине кезинен спортко жакын болду, өзгөчө футбол менен шахмат ойногонду жактырчу. Мектепте окуп жүргөндө, мектептер арасында шахмат мелдешине катышып, экинчи орунду ээлеген. Атам кубанып байкеме арнап ыр жазганы эсимде. Баястан байкем кең пейил, колу ачык, берешен адам эле. Бир жолу көлдөн кичинекей балык кармап келиптир. Анан аны бышырып жатканда, «балык жейбиз» деп жанында он чакты бала карап турганбыз. Баарыбызга жетсин деп байкем бир чымчымдан бөлүп берген эле. Мага нандын күкүмүндөй болгон бир бөлүгү тийген. Ушундай даамдуу сезилген, дагы деле болсо даамы тилимдин учунан кетпегендей туюлат…
Байкем шайыр, келбеттүү жигит эле… Кыргыз улуттук университеттин (КУУ) журналистика факультетине өтүп окуп жүргөндө, өз ыктыяры менен армияга Германияга жөнөп кеткен. Аскерден мүнөзү башкача, токтоо болуп кайтып келди. Армия ак сөөк, шаардык жигитке башкача таасирин берген болсо керек дейм. Жашы ортолоп калганда, күн сайын эки-үч саатттай жөө басып келгенди жакшы көрчү. Анан байкемде күчтүү касиет — колунда биотогу бар эле. Кез-кез башыбыз ооруп калганда, кармап, массаж жасап бат эле айыктырып койчу…
— Баястан, Гүлсана, Карлыгач, Бахтияр, Бакай деп баарыӊыздардын атыӊыздар бир башкача, ким койду эле?
— Төрт бир тууганымдын аттарын ата-энем биргелешип койгон. Ал эми менин атымды атамдын сүрөтчү досу коюптур.
— Баарыӊыздарда талант бар экен. Карлыгач эженин макала жана ыр жазганын окуп калдык. А сизчи, ыр жазганга кандайсыз?
— Карлыгач сиңдим таланттуу кыз. Атабыз көз жумганда, кичинекей жука китепче кылып эскерүү жазган. Ыр да жазып калчу. Кийинки убакта жазбай калды. Жазбай калганынын себеби бар болуш керек. А мен болсо, илгери ыр жазганга аракет кылгам. Бир ырымды «Ленинчил жаш » гезитинин редакциясына салып да жибергем. Болжол менен эки жумадан кийин го, «көркөмдүүлүк жагынан начар» деген жооп келген. Ошондо ичимден өзүмө-өзүм: «Ээ, Гүлсана, ыр жазганга шыгың жок экен, башка жолду тандагын» дегем.
— Италияда жашап жатканыңызга көп жыл болду. Салт-санааны унуткан жоксузбу?
— Унуткан жокмун. Кайсы жерде жүрсөк да салт-санааны, өзгөчө эне тилибизди унутпашыбыз керек! Бул менин жеке ой-пикирим.
— Эне тилибиз демекчи, Совет учурунда атаӊыздын эне тилибизди даӊазалаганы үчүн “улутчул” деп кысымга кабылды эле. Сиздин эсиӊиздеби?..
— Совет доорунда эне тилибизди, улуттук баалуулуктарыбызды даңазалап жазган акындарды четке кагып, улутчул деп айыпташкандарын билем. Эсимде, атам ишсиз калганда күн сайын эл менен жолугушканы кетчү. Ал жактан атам үйгө кээде гана кызуу болуп келчү. Бир күнү апам: «Эл менен жолукканың жакшы го, бирок, уурттап-татыбай келсең болот эле да…» дегенде, атам бир кыйкырып алчу да, ак көӊүл эле, бат эле жазылып, «Көңүлдү ачып ырдайлы » деп апамды бөлмөсүнө алып кирип кетчү. Кымбаттуу, ардактуу, асыл ата-энебиз жаш кездерин элестетип, комуздун коштоосунда «Айылдын ары жагында, алмалуу бактын жанында …» деп ырдап калышчу…
— Атаӊыздын достору эсиңиздеби? Үйүңүздөргө кимдер келчү эле?..— Атабыздын эң жакын кан досу Мидин Алыбаев болуптур. Москвадагы Максим Горький атындагы адабият институтунда окуп жүргөнүндө Сооронбай Жусуев жана Роберт Рождественский менен жакшы дос болуптур. Үйүбүзгө акын досторунан Абдылда Белеков, Совет Урманбетов, Жанболот Абдраимов, Эсенгул Ибраев, Мукамбеткалый Турсуналиев, Акбар Токтакунов, Смар Шимеев, акын инилеринен Анатай Өмүрканов, Шайлообек Дүйшеев, Кыялбек Урманбетов, Надырбек Алымбеков келип турушчу. Эң көп келген «Чалкан» журналында сүрөтчү болуп иштеген Кожон Иманкулов болгон. Апамдын айтымында, үйгө атама жолугабыз деп көп эле киши келип турган. Баарына чын жүрөгүбүздөн чоң ыраазычылык билдиребиз.
— Апаӊыз Зина эжени Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун карындашы деп уктук эле?
— Залкар жазуучубуз апамдын алыс таякелеринен болот. Апамдын айтымында, таякем, таяжеңем тирүү кезинде катышып турушчу.
— «Аял жакшы эр жакшы» дегендей, Зина эжени жакшы жар болду деп мактап келишет…
— Ооба, кыргызда » Аял жакшы эр жакшы» деп айтылат, бирок, мен бул макалга кошула бербейм. Анткени айрым эркектер жакшы аялдын деле тилин укпай жаман ишке барышат. Албетте, алган жары жакшы болгонуна кубанып, анын кылган жакшылыгына урмат-сыйын көрсөтүп турган эркектер да бир топ.
А менин атам апамдын кен пейилдигине, кайраттуулугуна ыраазы болчу. Апамдын мыкты жар болгонун билгендер туура эле айткан деп ойлойм. Апамдын атама кылган айкөл, жароокер мамилесин, сабырын атам бир топ жыл төшөктө жатып калганда көрдүм. «Чарчадым, уйкум канган жок» деп наалып-кейигенин бир дагы жолу уккан жокпуз. Күндүз да, түнкүсүн да атамдын жанында болуп, жакшы карады.
— “Мен өзүмдүн ак калпак кыргызымды, Ала-Тоомду ырдоодон эч тажабайм», “кыргыз деп келгем дүйнөгө, кыргыз деп кетем дүйнөдөн” деп мекенин, улутун сүйгөн акыныбыздын 90 жылдыгы татыктуу деңгээлде өтөт деген ишеним бар эле, бирок январдан бери 3 ай өтүп негедир кечеңдеп жатат. Мааракелик иш-чарага кам көргөн таластык жигиттер тууралуу да угуп атабыз. Сиздерге мамлекеттен чалып, «өткөрөлү» деген сунуш болду беле негизи?
— Кыргыз Эл акыны атабыз Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган иш-чарага кам көрө баштаган таластык жигиттер бар. Ал тууралуу учуру келгенде билесиздер. «Мамлекеттик деңгээлде өткөргөнү жатышат» деп да бизге кабар беришкен. Албетте, кубанганбыз. Кечеӊдеген сайын мамлекетти да туура түшүнүү менен кабыл алып жатабыз. Анткени жыл сайын көптөгөн юбилейлер өтүп жатат. «Алардын баарына көп убакыт, көп каражат кетет. Ал жагы кандай болот?» деп ал жагын да туура түшүнөбүз.
Бирок, ар кайсы аймактарда эскерүүлөр өтүүдө. Атабыз Нарын облусундагы С.Орозбаков атындагы китепканасынын эмгек жамааты менен, Кара-Суу районунда жайгашкан Сарай айыл Өкмөтүнө караштуу №22 моделдик китепканасынын эмгек жамааты менен, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына караштуу Маданият бөлүмүнүн башчысы Жазайым Айдекова айымдын демилгеси менен эскерилди. Ошондой эле Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокенде, Бишкек шаарындагы Ак-Өргө конушундагы шаардык №22 китепкананын кызматкери Сүйөркан Балтабаева демилгеси менен эскерилди. Баарына үй-бүлөбүздүн жана өзүмдүн атымдан тереӊ ыраазычылык билдирем.
Маектешкен Салима ЖАКШЫЛЫК кызы
P.S. Байдылда Сарногоевдин жубайы Зина Сарногоеванын маегин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыздар болот.
One thought on “Гүлсана САРНОГОЕВА: «Айылдын ары жагында, алмалуу бактын жанында …» деп ата-энебиз жаш кезин эстеп, ырдап калышчу…»”