Кыргызстан Жазуучулар Союзунун мурдагы төрагасы, Кыргыз эл акыны Омор Султанов бүгүн, 3-апрелде 87 жаш курагында дүйнө салды. Жакындарынын айтымында, сөөгү 5-апрелде жерге берилет.
«Алакан» сайтынын эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.