Клара Юсупжанова менен Кубатбек Жусубалиевдин документалдуу фильмдери көрсөтүлөт (Дарек)

Клара Юсупжанова менен Кубатбек Жусубалиевдин документалдуу фильмдери көрсөтүлөт (Дарек)

«Жолдо»…

Кыргыз Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин 80 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар журналист кызы Жамбы Жусубалиеванын демилгеси менен 29-октябрда башталган.

Ноябрдагы иш-чаралар…

18-ноябрга чейинки “Жолдо” (“Идущий”) аттуу чыгармачылык жолугушуулардын программасы төмөндөгүдөй:

1-ноябрда, саат 17:00дө, Бишкектеги Франциянын Борбор Азияны изилдөө институнун кинозалында Кыргыз Эл жазуучунун жубайы, кинорежиссёр, маркум Клара Юсупжанова менен Кубатбек Жусубалиевдин документалдуу фильмдери көрсөтүлөт.

4-ноябрда, саат 18:00дө, Касымалы Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасынын 1-кабатындагы АЛЬЯНС ФРАНСЭЗ бурчунда Франциялык сүрөтчү-саякатчы Софи Имрендин “Жолдо. Кыргызстандагы саякатчынын күндөлүгү” аттуу көргөзмөсү өтөт.

10-ноябрда, саат 14:00дөн 16:00гө чейин Кыргыз Улуттук китепканасында Кубатбек Жусубалиевдин “Муздак дубалдар” романынын 2-басылышынын бет ачары болуп, андан кийин жазуучунун чыгармачылыгына арналган тегерек стол өтөт.

17-ноябрда, саат 09:30дан 14:00гө чейин Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын 2-кабатынын кичи залында “Кубатбек Жусубалиевдин философиялык дүйнөсү” аттуу илимий-практикалык конференция өтөт.

 

Баскан жолу…

СССР Кинематографисттер союзунун, СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, Эл акыны Кубатбек Жусубалиев Алай районундагы Кердегей айылында 1941-жылдын 30-октябрында жарык дүйнөгө келген. Жогорку билимдүү. 1963-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүрүп, 1965–1967-жж. Москвадагы Жогорку сценарийдик курстун угуучусу болгон. Эмгек жолу Чоң-Алай айылындагы «Кыргызстан» сегиз жылдык мектебинде мугалимден башталган. Андан кийин, «Ленин жолу» гезитинин адабий кызматкер,
«Кыргызтелефильм» студиясында редактор болуп иштеген. Чыгармачылык ишмердүүлүгү 1963-жылдан башталган. Биринчи аңгемелер жыйнагы «Күн автопортретин тартып бүтө элек» аталыш менен 1967-жылы басылып чыккан. Бир катар толук метраждуу көркөм жана даректүү фильмдердин сценарийлерин жазган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ: «Күн автопортретин тартып бүтө элек», «Толубай сынчы», «Муздак дубалдар», «Жети сөз жана Конфуций».

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.