ВИДЕО — Сузак райондук сотунун Аппарат кызматкерине наам ыйгарылды

ВИДЕО — Сузак райондук сотунун Аппарат кызматкерине наам ыйгарылды
Кызматтык милдетин көп жылдар бою үлгүлүү аткаргандыгы үчүн «Кыргыз Республикасынын сот тутумунун мыктысы» ардак наамы менен Санабар Атырова сыйланды. Бул тууралуу Басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Санабар Атыровага наам тапшырып жатып, өз ишине берилгендиги, кадрларды даярдоодо жана сот тутумунун өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирип, анын сот системасына кызмат кылуудагы үлгүсү жогору бааланууга татыктуу экендигин баса белгилеген.
Санабар Атырова Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун бөлүм башчысы болуп 44 жылдай эмгектенген. Учурда Сузак райондук сотунда комендант болуп иштейт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.