Ак-Сай айылынын тургундары Дайырбек Орунбековду кызматтан алууну суранып президентке кат жазышты

Ак-Сай айылынын тургундары Дайырбек Орунбековду кызматтан алууну суранып президентке кат жазышты
Баткендеги Ак-Сай айылынын тургундары президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековду кызматтан алууну суранып, президентке кат жолдошту. Катты “Интербилим” коомдук уюмунун өкүлү Гүлгакы Мамасалиева «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады. Ал төмөндө (оңдоосуз берилди):
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
24-июлда сиздин пресс-катчыныз Дайырбек Орунбеков «Фейсбуктагы» баракчасына такталбаган маалымат чыгарып, биздин Ак-Сайлык Дубанаев Жеңиш аттуу тургунубузду күнөөлүү кылып, аны мас абалда кылып жазып чыкты:
«Кечки саат 18.30 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылында инцидент катталды. Ворух тараптан Ак-Сай айылы аркылуу 9 машина (ЗАГС) келе жатышкан, ошол учурда Кыргызстандын жараны Ак-Сай айылынын тургуну мас абалында тажик машинасын токтотуп, таш менен уруп айнектерин сындырып салган. Тажиктер машинадан түшө калып биздин 3 жаранды сабап салышкан».
Бул маалымат Кыргызстан эле эмес, Тажикстан элине дагы тарап, алар өз каналдарында: «Мына, бул нерсени Кыргызстандын Президенттин катчысы тастыктады. Демек туура, кыргыз тарап дайыма биринчи баштайт» деп биз тарапты күнөөлөшүүдө.
Сизден суранабыз, пресс-катчы Дайырбек Орунбеков такталбаган, бир тараптуу маалыматты тарткандыгы үчүн кечирим сурасын! Ал адам бул жумушты аркалаганга моралдык укугу жок, кызматтан кетсин!
Дубанаев Жеңиштин жана анын аялы Толгонайдын аброюн калыбына келтирип бергенге жардам бериңиз! Анткени Дубанаев Жеңиштин бир тууган агасы Кыргыз элин, жерин коргойм деп Баткен согушунда курман болгон.
Ак-Сай айылынын тургундары

Зайнидин ДУБАНАЕВ: «Иним мас абалда болгон эмес. Ал азыр ооруканада…»

Эске сала кетсек, Кыргызстандын Чек ара кызматы 24-июлда кечке маал кыргыз-тажик чектеш аймактарынын тургундарынын ортосунда чыр-чатак чыкканын кабарлаган. Эртеси Дайырбек Орунбеков бул тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына пост калтырган. Анда ал мас абалындагы бир кыргыз жараны тажикстандык тургундун машинасынын айнектерин талкалап салган деп жазган. Ал көп өтпөй постун өчүрүп салган, себебин түшүндүрө элек.

Чыр-чатакта Жеңиш Дубанаев мас болбогонун, иниси сабалып, колу сынып ооруканага жаткырылганын, эки баласы башынан жаракат алганын жабырлануучунун агасы Зайнидин Дубанаев «Турмушка» билдирген.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.