Акбалык ЖУМАЛИЕВА: «Абиров азырынча арыз берди, каттала элек. Мен каттоого каршы добуш берем»

Акбалык ЖУМАЛИЕВА: «Абиров азырынча арыз берди, каттала элек. Мен каттоого каршы добуш берем»

Багы ачылбай келаткан округ…

Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округунда кайрадан шайлоо болот. Талапкерлердин арызы 10-августка чейин кабыл алынат. Каттоо 20-августка чейин жүргүзүлөт.

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) шайлоого катышуу үчүн 10 адам арыз бергени маалым болду.  Кызыгы, талапкерлердин арасында Жаныбек Абиров бар. Анын арыз бергени бүгүн (28-июлда) белгилүү болду.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда соңку парламенттик шайлоо 2021-жылы 28-ноябрда өткөн. Бишкек шаарындагы бир мандаттуу Ленин округда кайра шайлоо быйыл 28-майда өткөн. 16-июнда Боршайком шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп таап, мыйзам бузуулар болгонун баса белгилешкен. Буга шайлоодо 35,86 % добуш менен 1-орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана 2-орундагы Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон. Кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленген.

Жогоруда аталган округдан Жаныбек Абиров депутат болгон. Ал быйыл март айында өзү аралашкан мушташтан улам мандатын тапшырган.

«Абировдун ат салышууга моралдык укугу болбошу керек!»

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Акбалык Жумалиева  «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды:

Жаныбек Абиров Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан кайра шайлоого катышуу ниетин билдирип арыз берди.
Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын ЖКнин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамынын 38-беренесинин 2-пунктунда:Кайра шайлоо өткөрүлгөн учурда, иш аракеттери шайлоону жараксыз деп таануу үчүн негиз болгон талапкерлер кайрадан шайлануучу орунга талапкерликке көрсөтүлүшү мүмкүн эмес” деп турат.
Бош мандаттын пайда болушуна жана эки жолу бюджеттен акча кетип шайлоо өтүшүнө Абировдун өзүнүн арызы негиз болгон. Ошондуктан ал жаран бул орунга ат салышууга моралдык да укугу болбошу керек. Абиров азырынча арыз гана берди, каттала элек.
Мен каттоого каршы добуш берем.

Мунун алдында БШКнын дагы бир мүчөсү Абдыжапар Бекматов Абиров бул округдагы кайра шайлоого катыша албастыгын, бирок БШК коллегиялдуу орган болгондуктан аны арызы тууралуу чечим жалпы жыйында кабыл алынарын билдирген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.