«Жунхай» базарынын соодагерлери нааразылык акциясына чыкты

«Жунхай» базарынын соодагерлери нааразылык акциясына чыкты

Бүгүн, 4-сентябрда Бишкектин четиндеги «Жунхай» базарынын соодагерлери кампаларын ачуу талабын коюп, иш таштаганын билдиришти. Нааразылык акцияга чыккан соодагерлердин бири Аиза Рысбекованын айтымында, Мамлекеттик салык кызматынын адистери бир апта мурун товар сактаган ондогон кампаларга мөөр басып кеткен. Ал: «Кампада турган товардын жалпы наркынан 10% салык катары төлөгүлө деп атат. Бирок бул биз үчүн көп чыгым. 30 жылдан бери бизге товарлар көмүскө базардан келет. Анын үстүнө биздин товарларды жакынкы Казакстан жана Орусия гана алат. Ишибиз мурдагыдай жүрүп жаткан жери жок. 10% төлөй албайбыз, кампаларыбызды ачып берсин«, — деди.

Айрым ишкерлер кампалары эки айдан бери ачылбай турганын, 1 миллион сомдон ашык салык төлөп жаткандарын айтышты. Чогулгандар Салык кызматынын адистеринин келишин талап кылышууда.

«Дордой» комплексинин кесиптик кошуунунун башчысы Дамира Дөөлөталиева Салык кызматы менен сүйлөшүүлөр болуп жатканын айтты. «Товар сакталган 800 контейнер жабылган. Салык кызматы товар кайдан, кандай баада келгенин көргөзгүлө деп талап кылууда. Бирок биздин соодагерлердин андай кагаздары жок«, — деди.

Эске сала кетсек, «Дордой» жана «Жунхай» базарларынын соодагерлери буга чейин да нааразылык акцияларына чыгышкан. Алар патент системасын калтырууну, салыктын наркын көтөрүүнү токтотууну талап кылышкан.

Быйылкы жылдан тартып Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлердин товарында товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук (ЭТТН) түрү болушу шарт. Ал үчүн соодагер Салык кызматынын маалымат системасынан «жеке кабинет» ачып, ар бир коштомо кагазын электрондук түрдө тиркеп турушу керек. Ансыз товарын алып өтө албайт.

Алмаз ТУРДУМАМБЕТОВ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.