Кайра шайлоо: Ленин округу депутаттуу болушту

Кайра шайлоо: Ленин округу депутаттуу болушту

БШК жыйынтыгын чыгарды

Бишкек шаарындагы бир мандаттуу Ленин округу депутаттуу болушту. Тагырагы, бүгүн (20-сентябрда) Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарды. Алардын маалыматы боюнча, шайлоодо 5 миң 279 добуш алган талапкер Кубанычбек Самаков жеңди деп табылды. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, мындай чечимге макул болбогондор үч күн ичинде сотко кайрыла алат. Эгерде үч күн ичинде арыздануу болбосо, депутатты каттоо жөнүндө чечим кабыл алынат.

Белгилей кетсек, Ленин округунда Жогорку Кеңештин депутатын экинчи жолу кайра шайлоо 10-сентябрда болуп өттү. БШКнын баштапкы жыйынтыгы боюнча Кубанычбек Самаков (26,14%,) , Русланбек Тагаев (18,99%), Аскар Алмаз уулу (13,04 %) добушка ээ болушкан.

Эске сала кетсек, 2021-жылкы шайлоодо шайланып келген Жаныбек Абиров депутаттык мандатын өз ыктыяры менен тапшыргандан (ал мандатын тапшырууга Бишкек шаарындагы кафелердин биринде мушташка катышып, күзөтчүлөрдүн бирин сабагандыгы себеп болгон) кийин 28-майда кайра шайлоо болгон. Андагы шайлоодо талапкер Дамира Ниязалиева биринчи орунду ээлеген. Бирок, ага «добуш сатып алуу» боюнча кылмыш иши козголуп, каттоосу жокко чыгарылган.

Улан Сариевдин да каттоосу жокко чыгарылып, шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.