Султан РАЕВ: «Жоке алтымыштын кырына келип, дагы бир жолу мезгилдин күлүгүн эске салды»

Султан РАЕВ: «Жоке алтымыштын кырына келип, дагы бир жолу мезгилдин күлүгүн эске салды»

«Арабызда Жолдош бар»

«Азаттыктын» блогери, адабиятчы, публицист Жолдош Турдубаев агабыз «алтымыштын ашуусунда отчет берип» 60 жашка чыкты. Кечээтен бери аралашып жакшы билгендер да, жазганын окуп сыртынан тааныгандар да бир топ куттуктоолорду айтышты, жазышты… Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы, Кыргыз эл жазуучу, драматург Султан РАЕВ да агалык куттуктоосун арнаган экен, орун берип турубуз:

Бүгүн Жолдош Турдубаев иним алтымыш жашка чыгыптыр… Таң эрте менен туулган күнүнө куттук айтып, жеке майрамы менен куттуктасам… Көрсө, биздин Жоке бүгүн алтымыштын кырына келип, дагы бир жолу мезгилдин күлүгүн эске салды. Ушу күнү, Жолдоштун Ыйык Күнүндө сөз айтып коюну агалык парзым деп билем.
Жолдошту көптөн бери билем, ымалашып кетпесек да, аралыктан, жакындан сыйым бийик. Адам эң оболу өзүнүн бийик адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү менен өзүнө дамамат имерип келет. Ошол эле учурда анын окумалдыгы, интеллекти, дүйнөтаанымы, эң башкысы өз чындыгынын ааламында жашаган принциби, көз карашы, тереңдиги өзгөчө сапат. Бу касиет Жолдош инимин бу жашоодогу жан жолдошу, канаты, жеке дүйнөсү деп билем. Жолдош өз жашоо принцибин баарынан жогору койгон сапаты бар. Азыркы күндө интеллектуалдык ойдун дефицити жашоо дефицитине айланып баратканда, чындык менен калыстык орбитасында жашоо жер огун колуна туткан менен барабар.
Бу жашоодо, акыр- чикири аралашкан, кимдин-ким экендиги бу кымгууттука машташып кеткен доол мезгилде көкүрөк Нурун чачып, караңгыда ийне көзүндөй жанып турган адамдардын бардыгында дүйнөнүн туткасы кармалып турат. Андай адамдар арабызда болсо, анын бири — Жолдош. Ыйман, адеп-ахлак, акылкөйлүк жашоонун Кызыл Китебине жазылган доордо жашап жатабыз…
Арабызда Жолдош бар…
Султан РАЕВ

Жолдош агабыз жолдошум тууралуу…

Жолдош агабыздын адамгерчилиги тууралуу мен да жазайын дедим. Агабыз менен мен 1999-жылы менден бир курс ылдый окуган политолог Учкун Байсубанов (бул кесиптешим азыр биз аяктаган Бишкек мамлекеттик университетте проректор болуп эмгектенет) аркылуу таанышкам. Ал учурда Учкун да, Жолдош агабыз да «Кутбилим» гезитинде эмгектенишчү. Учкун мени ушул гезитке ишке чакырып, «журналистика жагынан сага устат болчу адам» деп агабыздын мыкты жазмакерлигин, адамгерчилигин айтып, аябай мактаган. Бирок, мен ал гезитке иштеген жокмун. Мени мамлекеттик эмес, оппозициялык гезиттер тартып туруп алды… Арасынан «Бишкек таймс» гезитин тандап, ошол жакка иштеп кеттим… Бирок журналисттердин бир топ иш-чараларында агайды көрүп эле жүрдүм.
Бир топ жылдан кийин байке менен 2023-жылы Бишкектеги  “Сармерден” ресторанынан жолугуштук. Тагырагы, былтыр, 26-мартта чакан адабий кечеде, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбековдун  “Чай үстүндө баарлашуу” аттуу кезектеги долбоорунда. Анда ошол маалда Түркиядан келген белгилүү журналист, аналитик, котормочу, акын Жыргалбек Касаболотовдун чыгармачылык дүйнөсүнө чабыт жасалган сонун бир адабий кече болгон…
Ошол кече башталар алдында Жолдош байке менен сүйлөшүп отуруп калып, журналист, котормочу, акын, маркум жолдошум Эрнис АСЕК уулунун (1970-2020) «Каалга» ыр китебиндеги ырларын окуган, окубаганын сурап калдым. Ушундай бир жакшы сөз айтты.
«Назира, мен сен өткөргөн Эрнистин эскерүү кечесине баргам. «Каалга» ыр жыйнагын сатып алгам. Бирок, кечирип кой, окуй элекмин. Себеп дегенде Эрнистин ырын жөн окубаш керек, түпкүлүгүн түшүнүп окуу керек. Эрнистин деңгээлине чыгып окуш керек! Кудай буйруса, бир күнү чыгынып, Эрнистин ырларын окуганга отурам го…» деп жүрөктү жылыткан. Жолдошума, ырына болгон сый-урматына кубанганымды айтпагыла эми…
Жолдош байке, 60 жаш кутман курак кут болсун!
Бул чуркаган жашоодо каалаганыңыз бүт болсун!
Ала-Тоодой бийиктик,
Күн мээриминдей жылуулук,
Арчадай узун өмүр,
Суудай таза көңүл каалайм!
Түндүгүңүз кеңейип, уугу узарып,
Балдарыңыздын жакшылыгын көрүп,
Кылым карыта жашаңыз!
Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.