ЖАКЫНДА: Кыргызстандын Улуттук күнү жана Маданият күндөрү Катарда өтөт

ЖАКЫНДА: Кыргызстандын Улуттук күнү жана Маданият күндөрү Катарда өтөт
Катар мамлекетинин Доха шаарында өтүп жаткан “ЭКСПО-2023 Доха” жарманкесинде Кыргызстандын Улуттук күнү 22- январда, Маданият күндөрү 23-25-январда өтөт. Расмий делегацияны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов жетектейт. Бул тууралуу маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Улуттук күн расмий ачылып, концерттик программа менен коштолот. Ошондой эле, кыргыз боз үйү, зергер буюмдар, байыркы кыргыз жоокерлеринин соот-шаймандар, салттуу жана заманбап кийимдер жана улуттук-тамак ашы коюлат.
Ал эми маданият күндөр Доха шаарындагы Лусаил Бульварында Кыргызстандын павильонунда өтөт.  А. Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисттери, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекттик маданият жана искусство университетинин өкүлдөрү, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын, Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрынын, Кыргыз мамлекеттик “Учур” жаштар театрынын, Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын актёрлору, Ч. Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли, Н.Түгөлов атындагы мамлекеттик “Ак Марал” бий ансамбли, режиссёрдук коюучу топ, дизайнерлер жана кол өнөрчүлөрү барышат.
Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.