“Жылкычы чымчык” тасмасы Европадагы кинофестивалдарда көрсөтүлөт

“Жылкычы чымчык” тасмасы Европадагы кинофестивалдарда көрсөтүлөт

Жогорку Кенештин мурдагы депутаты, азыркы кинорежиссёр Бегалы Наргозунун “Жылкычы чымчык” толук метраждуу көркөм тасмасы май айларында бир катар эл аралык кинофестиваль сынактарына катыша турган болду. Алсак, тасма Франциянын Ницца шаарындагы эл аралык кинофестивалга катышуу укугуна ээ болуп, тасманын режиссеруна аталган фестивалдын президенти Карл Тунинин атынан “Жылкычы чымчык” тасмасы Ницца-2024 эл аралык кинофестиваль сынагына номинациялар боюнча сыйлыкка талапкер болуп тандалып алынгандыгы боюнча атайын кат менен билдирүү келген.
Ошентип, тасма “Фестивалдын мыкты тасмасы”, “Чет тилдеги тасмадагы мыкты оператордук иш”, “Мыкты костюм” жана “Чет тилдеги мыкты тасма” деген төрт номинация боюнча сыйлыкка талапкер.
Белгилей кетсек, бул фестиваль 13-15-май күндөрү Францияда Жер ортолук деңизинин көгүлтүр жээгинде өтөт.

Айтмакчы, фестивалга “Жылкычы чымчык” көркөм тасмасын жаратуучулардан төрт адамга чакыруу келген: Бегалы Наргозуев (режиссер-коюучу), Жамила Сыдыкбаева (Шекер апанын ролун жараткан), Марат Ибраев (Мелис аттуу каармандын ролун аткарган) жана Афизакан Мырзапаязова (тасманын аткаруучу продюсери).

Эске сала кетсек, “Жылкычы чымчык” тасмасынын улуттук премьерасы өткөн жылдын 15-декабрында болуп өткөн. Тасманын сценарийин тасманын режиссеру жана продюсери Бегалы Наргозуев, Кубатбек Жусубалиев, Марат Сарулу, Актан Арым Кубат жана Жамбы Жусубалиеванын катышуусунда жазып чыккан. Тасманын оператору — Хасан Кыдыралиев. Композитору – Баласагын Мусаев.
Кошумчалай кетсек, “Жылкычы чымчык” көркөм тасмасы кинофестивалдар саякатын Франциядан кийин Испанияда улантат. Тагырагы, бул тасма Ницца шаарында жылына өтүүчү “Мадрид киносыйлыгы” (Madrid Film Awards (MADFA)) кинофестивалынын сынагында “Толук метраждуу мыкты көркөм тасма” номинациясы боюнча ат салышат. Бул боюнча кинофестивалдын сайтынан маалымат алсаңыздар болот.
Бул фестиваль Мадридде 17-майда өтөт. “Жылкычы чымчыктын” айтылган номинация боюнча атаандаштары — Колумбия, Япония, Италия, Индия, Марокко жана Түркия өлкөлөрүнөн тандалып алынган жети тасма.
Режиссер Бегалы Наргозуевдин сценарийи канча жыл мурун “Чоң жолду бойлоп бир өттүм” деп Кубат аке Жусубалиев менен жазылып башталган, акыры “Жылкычы чымчык” аталган саамалык тасмасына эл аралык кинофестивалдарда ийгиликтерди каалайбыз.

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.