«ТАМЧЫ»: Москвадагы акын эжебиз поэзия кечесине чакырат (Дарек, видео)

«ТАМЧЫ»: Москвадагы акын эжебиз поэзия кечесине чакырат (Дарек, видео)

«Жазылды көп ырларым, Көз жаштын тамчысынан!»…

Акын Максат Исакова учурда Москва шаарында жашайт. Эжебиз бүгүн, 28-июлда, Москвада, кечки саат 17:00до «ТАМЧЫ» аттуу поэзия кечесин өткөргөнү турат. Эжебиздин ушундай жакшы иш-чарасын колдоо максатта байланышка чыктык.

«Түйшүктүн баскычынан,
Тирүүлүк тапкычынан,
Тагдырдын запкысынан.
Жазылды көп ырларым
Көз жаштын тамчысынан! деп ырымда жазылгандай, жашоомдо — ар кандай кырдаалда жазылган ырларыма  «Фейсбук» ааламындагы улуу-кичүү досторум күбө болуп, жакшы комментарийлерди жазышты. Жыгылсам таяп тургузган, ыйласам аяп көз жашымды аарчып, алдыга койгон максаттарымдын орундалышына түрткү болушту. Ийгилигиме кубанган мекендештеримди, досторумду, поэзия сүйүүчүлөрдү, Москвадагы мекендештеримди ыр кечеме чакырып турган кезим. Каалоочуларга эшик ачык» дейт кубанып…

Урматтуу москвалык мекендештер!

«Мекеним, өзгө жерден оокатымды табайын,
маңдай терден ырыскымы алайын.
Максат койгон тилектерим ишке ашып,
Табылгамдын берекесин мен көтөрүп барайын!» деп акын эжебиз «Мекеним» аттуу ыр саптарында жазгандай, өзгөдөн ырыскы таап, өз жерине, элине табылга менен кайтайын деген изги тилегин жазып жатат.
«Төрөлдү ыр саптарым,
Жан дүйнө тамчысынан!» деп жан дүйнө тамчысынан жаралган ырларын тартуулаганы турат.
Урматтуу москвалык мекендештер, туугандар, акын эжебиздин поэзия кечесине барыңыздар, колдоңуздар, ырларын угуңуздар!
Дарек: Текстильщик метросу. Чыгуу 6 (Выход). Волгоград проспектиси, 47. Ресто чайхана «МУРАС».

Эстен кеткис эстафета

Мындан эки жыл мурун (2022-жылы) Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракесине карата биздин сайт «Алакан биз» (alakan.biz) «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасын уюштурганбыз. Эстафетага эжебиз да катышып, Байдылда Сарногоевдин 194 куплеттен турган «Мидинге кат» сатиралык поэмасынан үзүндү окуп берген. Мынакей:

Даярдаган Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

P.S. Исакова Максат эжебиздин ырларын, маегин жакында окуй аласыздар! Бар болуңуздар, дайыма биздин сайт менен бир болуңуздар!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.