3 жаштагы бала кечээтен бери изделүүдө… Бөлүшөбүз, туугандар!

3 жаштагы бала кечээтен бери изделүүдө… Бөлүшөбүз, туугандар!

«Издөө салабыз! Эртең чогулабыз! Жардам кылыңыздар!»

2021-жылдын 29-августунда туулган 3 жаштагы Билал Тургунбаев жоголуп, кечээтен бери издеп жаткандарын жакындары билдирди. Алардын айтымында, Билал атын гана айтышы мүмкүн. Ал Жалал-Абад шаарына караштуу Ырыс айылындагы К.Кожоназаров 65-үйүнүн кичинекей тургуну. Кечээ, 26-сентябрда, күндүзгү саат 12-13төр чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда…
Өзгөчө белгилери: чачы сары, бою 0.75 см чамасында.
Кийими: үстүндө жашыл майка, моюну кызыл, алдында кызыл машинанын сүрөтү бар, астында көгүш ласина, бутунда розовый тапичке.

Билалдын туугандарынын элге кайрылуусу

— Урматтуу мекендеш бир туугандар! Ушул кичинекей уулубузду издөөдө жардамыңыздарга муктажпыз.
28-сентябрда, саат 10:00гө Ош-Бишкек жолунун 571 км Ырыс айылына чогулабыз.
Барпы, Комсомол, Ачы, Кыр-Жол, Бек-Абад, Түрк-Абад, Кызыл-Багыш, Үлгү, Жар-Кыштак, Тотия, Ленин, Лавдан-Кара, Благовещенка, Жаңы-Дыйкан, Дөмөр, Арык-Тейит, Жашасын жана башка айыл тургундары, колдон келсе ат менен келип жардам берүүңүздөрдү көптөн-көп суранабыз!
Ата-энеси зарыгып күтүп жатат.
0778 77 06 02 Залкар
0700 77 06 02
0550 88 46 44 Алмаз
0552 87 00 01 Өмүрбек
0559 25 05 70 Абдувахаб
0555 47 67 74 Ильяз
Урматтуу ага-ини, эже-сиңди, курбу, кесиптештер, достор, бөлүшүп коюңуздар! Билалдын аман-эсен табылып калышын Кудайдан тилейбиз!
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.