Эдил БАЙСАЛОВ: “Таш” фильми сапаттуу тартылган, мыкты кино болуптур!”

Эдил БАЙСАЛОВ: “Таш” фильми сапаттуу тартылган, мыкты кино болуптур!”

Эркин журналист, кинорежиссёр Айчүрөк Борукееванын «ТАШ» аттуу тырмак алды тасмасынын жабык көрсөтүүсү былтыр өтүп, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов баштаган коноктор келип көрүп, жогору баасын берип кетишти эле…

Ошондон кийин бул фильм, учурда ондон ашык престиждүү эл аралык фестивалдар болсо, бир кыйласына катышып, номинацияларга да илинди… Баарыбыз билгендей, эл аралык кинофестикалдар улуттук кинематографияны ааламга таанытуунун башкы жолдорунун бири. Албетте, «ТАШ» сындуу тасмалар биздин кинотармагыбызда изденүүлөр, табылгалар, потенциал тийиштүү деңгээлде турганын далилдей алды десек болот. Ошол кинофестивалдарга катышуунун бир эреже-шартына ылайык, тасма жалпы коомчулукка кийинчерээк тартууланды.

Кинонун бет ачарына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баш болгон министрликтердин, Өкмөт өкүлдөрү келип, тасма соңунда жакшы пикирлерин билдиришти.

Өзгөчө Эдил мырза киного таасирленип, анын режиссеру Айчүрөк Боркеевага: “Мен кинону жакпаса жаккан жок деп ачык эле айтам. Мага бул фильм жакты. Себеби, анда не деген тагдыр, не деген көйгөй камтылган. Ак менен каранын күрөшү тартылган. Андагы ар бир каарманды өзүнчө сериал кылып тартса болот. Бирок, Айчүрөк, сиз анын баарын бир эле киного батырып коюптурсуз. Муну менен сиз искусство адамы экениңизди далилдедиңиз.

Айрымдар тяп-ляп кино тарта беришет го… “Таш” фильми мыкты кино болуптур, себеби, анда халтура жок, мазмундуу, сапаттуу тасма тартылган. Айчүрөк, сиз кино тартууда өзүңүздүн чеберчилигиңизди көрсөтө алдыңыз, куттуктайм!” деген пикирин билдирди эле…

Сүйлөнгөн сөздүн толугун төмөндөгү тасмадан угуңуздар…

 “Таш” – эми Этномедиада…

Эдил мырза айткандай, аны жаратуучулар өздөрү белгилегендей, бул тасмада көйгөйлүү көп нерсе айтылып, адам тагдыры жагдайлар сыноосунда талдоого алынган…

Тасмада канчаны какшаткан коррупция, ошол көйгөйдү шарттаган окуя өткөн Аксыдагы көлдөрдүн, табияттын купуя сырлары, чоң тарелка формасындагы уникалдуу, керемет таштардын сатылып жатканы айтылып, аны коргоп, сактап калууга чакырык таштап, жүрөктөрдү, сезимдерди ойгото алды деп ойлойм. Тасманы жаратуучулар, менимче, «жаратылыш жаңылыштыкты кечирбейт» деген башкы жетектөөчү идеяны карманып, Кыргызстанда не деген уникалдуу жайлар, табиятыбыз бар экенин өзгөчөлүү таштар аркылуу берип, аларды бут алдыбызда жаткан тоголок бир таштай көрбөй, баасын бычып соодалап ийбей, баалуулугун билип пайдалансак деп добулбас кагып, адам тагдырлары менен жуурулуштуруп эң сонун көрсөтө алышты.

Жогоруда сөз кылган премьерадан соң Эдил Байсалов «таштарга абдан кызыгып, илимий, иликтөө жана туризм багытында максаттуу иштерди баштоо» тариздеги оюн билдирген экен, андыктан, буйруса, Айчүрөк Боркееванын «Таштан-ташка маршруту» көп жакшы иштерге өбөлгө болот деген ишенимдебиз…

«Таш» аттуу тасманын таржымалына кызыгып калсаңыздар, анда, жай отуруп «Этномедиадан» (этномедиа – бул бардык кинотасмаларын бир жерге топтогон Кыргызстандын эң ири кинотеатры) көрүңүздөр, пикир жазыңыздар!

Назира СААЛИЕВА

P.S. Таш” фильми тууралуу айрым атактуулардын пикирлерин биздин сайттан жакында окуй аласыздар. Андыктан алыстабай, биз менен чогуу болуңуздар!

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.