Профессор Син… Аянтча… Илимпоздор… Резолюция…

Профессор Син… Аянтча… Илимпоздор… Резолюция…

Жүз элүүдөн ашуун илимий доклад…

«Коомду трансформациялоо шартында медицинанын, билим берүүнүн жана заманбап илимдердин негизги тенденциялары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция Бишкектеги Эл аралык медициналык университетте, 29-ноябрда болуп өттү.

Мындай иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана аталган университеттин ректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Елисей Елисеевич Синдин 80 жылдык мааракесине арналды.

Конференцияга тармактык министрликтердин өкүлдөрү, медициналык окуу жайлардын ректорлору, окутуучулары жана студенттери, ошондой эле Кыргызстандын, Россиянын, АКШнын, Азербайжандын, Индиянын, Пакистандын, Египеттин, Казакстандын жана Түркиянын окумуштуулары катышты.

Илимпоздор жана студенттер өз изилдөөлөрүн жана докладдарын сунуштап, медицинанын, билим берүүнүн жана заманбап илимий жетишкендиктердин актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Жалпысынан 150дөн ашуун илимий доклад (кыргыз. орус, англис тилдеринде) жасалды. Анын жүзгө жакынын илимпоздор, элүүдөн ашуусун студенттер жасашты.

Бул конференция ар кайсы өлкөлөрдүн жана окуу жайлардын адистеринин ортосунда билим жана тажрыйба алмашуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк, ошондой эле медицина жана билим берүү жаатындагы жаңы идеяларды жана инновациялык мамилелерди талкуулоо үчүн аянтча болду.

Анда негизги басым медициналык билим берүүгө, медициналык окуу жайлардагы улуттук жана эл аралык деңгээлде билим берүүнүн бирдиктүү стандарттарын иштеп чыгууга жана жайылтууга, окуу процесстерин өркүндөтүүгө, илимий иштердеги инновациялык ыкмаларга жана башка багыттарга бурулду.
Иш-чаранын соңунда секциялык жыйындардын жыйынтыгы менен тармактык министрликтерге, медициналык коомчулукка сунушттар камтылган резолюция кабыл алынды.

Назира СААЛИЕВА

Сүрөттөр: Данияр ЖАРКЫНБАЕВдики

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.