«Ата деген айтылышы оңой үч тамга, Айткан менен ошол сөздө күч бар да…»

«Ата деген айтылышы оңой үч тамга, Айткан менен ошол сөздө күч бар да…»

АТАлар майрамы… мыйзам…

Жакшылык атабыз

Кечээ (15-мартта) алгачкы жолу Аталар күнү белгиленип, баарыбыз аталарыбызды куттуктадык, айрымдарыбыз жоктоп эстедик…. Бир күндү расмий майрам катары белгилеп койгонубуз деле аздык кылат, чынында. Маркум жолдошум Эрнис (Асек уулу) айтып кеткендей, «Бир датага байланбай, кγнγгө майрамдасак болот. Анткени тирγγлγктγн өзγ чоң майрам”.

***

Эске сала кетсек, президент «Аталар күнүн, Энелер күнүн белгилөө жөнүндө» мыйзамга 2024-жылдын 25-июлунда кол койгон. Тиешелүү мыйзам 26-июнда Жогорку Кеңеште кабыл алынган. Ага ылайык, жыл сайын 15-мартта Аталар күнү жана майдын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленмекчи…

Тактай кетсек, Энелер күнү биздин өлкөдө 2012-жылдан бери андагы президент Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгынын негизинде белгиленип келаткан…

«Арман кылып келатабыз, аска-зообуздун орду толбой…»

Атабыз эжеси жана апабыз менен

Кечээ Жакшылык атам тууралуу жазганым менен сγрөттөрγ жок бердим эле… Бγгγн атамдын карындашы Зууракан эжем менен иним Мирлан сонун сγрөттөрдγ салыптыр. Элеттик акын иним минтип ыр да жазыптыр.

АТА

Атаке, көп жыл болду арабыздан кеткениңе,

Көп жыл болду кайгы жүрөк черткенине.

Айта берсе арман көп да, ызаланткан,

Айла жок экен, Жараткандын бергенине.

 

Ата деген, айтканга, балким, абдан оңой,

А бирок… орду  бийик-бийик аска-зоодой.

Канча жылдап келе жатабыз арман кылып,

Ошол ата деген аска-зообуздун орду толбой.

Атабыз балдары Мирлан, Эрлан менен

Атаке, Алла Таалам орун берсин бейишинен,

Оозантсын Жаннаттын жемишинен.

Артыңдан куран окуп дуба кылат,

Балдарың ар убак колдон келишинче.

 

Эх, ата деген айтылышы оңой үч тамга,

Айткан менен ошол сөздө күч бар эле да…

***

Апабыз неберлери менен

Атабыздан эрте калып, минтип армандуу ыр жазып жаткан Мирлан иним өзγ ата болуп, аталык милдетин жакшы аткарып жатат. Кудай жалгап, уул-кыздары да акылдуу, ыймандуу чыкты. “Чоң атам кандай киши эле?” деп сурап, “Атам чоң атама окшош экен ээ” деп сγрөттөрдγ карап, чоң апасынан көп нерсени сурап отурушат… “Чоң атам да атамдай болуп ыр жазчу беле?” деп сурашканда, “Жок. Апабыз ыр жазчу экен. Биз да аны кийин билдик. Апамды тартып атаңар ыр жазса, эми минтип уулу, иниңер Райан ыр жазып атат” дедим. Райанчик Бишкекте 6-класста окуйт. Кыргызча, орусча ыр, эссе жаза баштаганын жакында эле билип калып, аябай кубандык.

Атабыздын математик жагын Эрлан иним менен акын иним Мирландын кызы Акак тартты. Акак «Акылман» президенттик лицейде окуйт. Ал каникулга келип, иниси Райанга математикадан сабак берип жатат…

Ата, китеп окуу жагынан да неберелериңиз апам экөөңγздөрдγ тартты… Алар учурда «Тамгалар даңктайт Манасты» китебин окуп жатат. Ананайындарымды Сиздин, Манас атабыздын руху колдосун! Сиз тууралуу дагы жазабыз, АТА! Жаткан жериңиз жайлуу болсун!

Назира СААЛИЕВА

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.