Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Канышай Мамыркулова мыйзамды бузганы үчүн эмес, бийликти сындаганы үчүн гана камалды»

Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Канышай Мамыркулова мыйзамды бузганы үчүн эмес, бийликти сындаганы үчүн гана камалды»

Кечээ… бүгүн…

Кечээ (20-мартта) эркин журналист, кесиптешибиз Канышай Мамыркулова тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ИИББ) «массалык башамаландыкка чакырыкка» жана «улут аралык кастыкка» шектелип кармалганы, ага соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесине ылайык («Массалык баш аламандыктар») иш козголуп, Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына камалганын маалымдаган. Анда мындай деп жазылган: Социалдык тармактарда мониторинг жүргүзүү учурунда Фейсбук” социалдык тармагынан Кыргызстан-Тажикстан чек арасы боюнча жалган маалыматтарды таратып, коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу менен Кыргыз Республикасынын аймагында массалык баш аламандыктарды уюштурууга багытталган чакырыктарды, ошондой эле коңшу өлкөлөрдүн жана кыргыз жарандарынын ортосундагы улуттар аралык кастыкты козуткан аракеттерди жасаган Канышай Мамыркулова аттуу колдонуучу аныкталды. Маалымат соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусу менен тастыкталды«.

Милиция тарабынан кесиптешибизге мындай коюлган айыпка журналисттер, айрым саясатчылар, акын-жазуучулар макул эместигин билдирип, кесиитешибиздин ден соолугуна, жалгыз кызынын абалына тынчсызданып, үй камагына чыгарууну талап кылышууда. Алар (алардын ичинде мен да бармын — авт.) бүгүн, 21-мартта президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Уланбек Ниязбековго кайрылуу жолдошту.

Жыргалбек КАСАБОЛОТ: “Маалыматта эч кандай далил жок”

Бийликке кайрылууну колдогон котормочу, акын, журналист, публицист, адабият талдоочу Жыргалбек Касаболотко милициянын берген маалыматы боюнча кайрылганыбызда, ал мындай деди:

ИИМдин маалыматында да эч кандай далил жок. Канышай Мамыркулова улут аралык чатак козгой турган же бийликти күч менен басып алууга чакырык таштаган нерсе жазганын мен билгенден эч ким далилдей алган жок.

Эгер андай жазуусу болсо эмгиче далил катары эчак жайып жиберишмек. Андай далилди эч ким көрсөткөн жок.

Демек, эч кандай мыйзамды бузганы үчүн эмес, бийликти сындаганы үчүн гана камалды деп түшүнөм.

Башка түшүндүрмөгө негиз боло турган далилди эч кайсы орган көрсөтө элек.

Эске сала кетсек, кечээ (20-мартта) кесиптешибиз Канышай Мамыркулованы милиция кызматкерлери кардар катары үйүнө барып, күч менен алып кетишкени, кийин анын адвокаты Нурбек Сыдыков 48 саатка камакка алынганын билдирген.

Назира СААЛИЕВА

P.S. Кесиптешибиз Канышай Мамыркулованын камалышы туура эмес болгону боюнча алдыда дагы сөз болмокчу.

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.