Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, филология илимдеринин кандидаты, доцент, адабиятчы Гүлзада Станалиева ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун төш белгиси менен сыйланды.
Маалымат үчүн, бүгүн ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев Маданият министри Мирбек Мамбеталиев менен жолугушуп, жолугушууда түрк дүйнөсүнүн маданиятына байланыштуу алдыдагы маданий иш-чаралар, маданий диалогду күчөтүү, эл аралык өнөктөштүктү бекемдөө жана улуттук искусствону дүйнөлүк аренада жайылтуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү, чыгармачыл жамааттарды колдоо, маданий алмашууну өнүктүрүү жана уюштуруучулук процесстерди өркүндөтүү сындуу маселелерди талкуулашкан.
Жолугушуу соңунда, бүгүнкү 27-март — Бүткүл дүйнөлүк театр күнүнө карата, Султан Раев “Түрк дүйнөсүнүн маданиятына жана искусствосуна кошкон салымы үчүн» бир катар инсандарга ТҮРКСОЙ эл аралык маданий кызматташтык уюмунун сыйлыгын тапшырган. Алар:
- Мираида Далбаева
- Авас Сырымбетов
- Асангүл Абдыгулова
- Гүлайым Каниметова
- Калык Ибраимов
- Аскар Салымбеков
- Жамиля Сыдыкбаева
- Айгүл Умралиева
- Султан Каримов
- Гүлзада Станалиева
- Жамалбек Ырсалиев
- Гүлнара Сатарова
Сыйлык тапшыруу аземи бүгүн Улуттук тарых музейинде өттү.
Сыйлык ээлерин бүгүнкү майрамы жана алган сыйлыктары менен куттуктайбыз.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы