Чубак Сатаевдин эстелиги коюлду

Чубак Сатаевдин эстелиги коюлду

Бүгүн, 24-ноябрда, Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айыл аймагына, маркум ырчы Чубак Сатаевдин өз айылына айкели коюлуп, ачылыш аземи болду.  Мындай иш-чара тар чөйрөдө гана өттү, ага райондун жетекчилери, Чубак Сатаевдин апасы, балдары, туугандары катышты.

Эстелик 108 миң сомго жасалган.

Сүрөттөр «Турмуштан» алынды.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

3 thoughts on “Чубак Сатаевдин эстелиги коюлду

  1. Калыбекова Чынар. Актриса, акын - драматург.:

    Замандашым, кесиптешим Чубак Сатаевдин минтип эстелиги турганына абдан кубандым. Кыргыз эли Чубактай уулу менен ар дайым кубанып, мактанып келген. Дагы да мактанат. Таласымдын таң булбулу! Сен кеттиң, сенин жараткан ырларың менен сүйкүмдүү элесиң кол кармашып кылым ашаар… Уулуң Кубаныч Сатаев сенин жолуңду жолдоп келе жатат. Сен мына ушуну менен сыймыктан Чубак! «Көзүңөр тийип кетет менин карындашыма. Ары баргыла!…» деп, бир ирет чогу тартылган семкада карап турган элдерди алыс кууганыңды эч унутпай айтып калам. Мен «Чыгыш бийин» бийлеп жаттым. Сен кубанып кол чаап жаттың. ВДНХнын ичин шаңга бөлөп анан силер ырдадыңар. Раматылык режиссер Ниязалиев агай андай болгула, мындай болгула деп жүгүрүп жүрдү. Күнү бүгүнкүдөй эсимде… Биз сени эч унутпайбыз. Сени эл унутпайт Чубак!!!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.