Айбек МЫРЗА: «Курултайга катышам десеңиз, анда 12-ноябрга чейин кайрылыңыз!»

Айбек МЫРЗА: «Курултайга катышам десеңиз, анда 12-ноябрга чейин кайрылыңыз!»

24-ноябрда Бишкекте Элдик Курултай болот. «24-ноябрда өтө турган Кыргызстандагы саясий, коомдук жана мекенчил күчтөрдүн Курултайында баардык тараптарга Калыс аянтча болууга шарт түзгөнгө аракет кылабыз»,-дейт Айбек Мырза.

Кененирээк маалыматтар уюштуруу комитетинин жакынки күндөрү өткөрүлө турган маалымат жыйынында (пресс-конференция) берилет. Ага чейин уюштуруу жыйыны болуп өттү. Тагырагы, 5-ноябрда Бишкекте «Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең» аталышта Кыргызстандагы коомдук-саясий жана мекенчил күчтөрдүн Курултайын өткөрүү боюнча уюштуруу жыйыны болуп өттү. Жыйынга 18 саясий партиянын, коомдук жана бейөкмөт уюмдардын, мекенчил кыймылдардын жана бирикмелердин өкүлдөрү катышты. Жыйынтыгында 15 адамдан турган уюштуруучу комитети түзүлдү. Уюштуруучу комитеттин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, анын орун басарлары болуп Кадыр Кошалиев менен Айбек Бузурманкулов шайланды. Курултайдын күн тартиби, иш регламенти, докладдардын темалары жана башка орчундуу маселелер чечилип, бекитилди.

Уюштуруу комитетинин өтүнүчү: Курултайга катышууну каалаган саясий партиялар, коомдук уюмдар, бирикмелер, кыймылдар 12-ноябрга чейин уюштуруу комитетине кайрылууӊуздарды өтүнөбүз. Байланыш телефондор: 0777543028, 0557924732, 0700924732

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.