Таттыбүбү Турсунбаеванын агасы менен жеңесин өлтүрүүгө 10 000 долларды ким сунуштаган?

Таттыбүбү Турсунбаеванын агасы менен жеңесин өлтүрүүгө 10 000 долларды ким сунуштаган?

ИИМ пресс-конференция өткөрүп, маалымат берди. Маалымат арасында 78 жаштагы КРнын эмгек сиңирген артисти Нуркан Турсунбаевдин (Таттыбүбү Турсунбаеванын бир тууган агасы – авт.) арызы боюнча айтылды.

Алардын айтымында, Н. Турсунбаев аттуу жаранды сабоо фактысы катталып, жабырлануучунун арызы каралган. Ал арыздын негизинде, Ленин РИИБдин тергөө кызматы тарабынан ноябрда А.Б. аттуу жаран кармалып, ага кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, иликтенүүдө.
Октябрда ИИМге 1965-жылы туулган Т.Д. аттуу жаран кайрылып, адам өлтүрүүгө буйрутма берилгендиги көрсөткөн. Ички иштер органдары тарабынан алгачкы текшерүү иштери жүргүзүлүп, кылмыш жоопкерчилигине тартылган А.А. аттуу негизги күбө суралган. Анын көрсөтмөсү боюнча ага эки жаран кайрылып, эмгек сиңирген артист менен анын жубайын өлтүрүүгө 10 000 АКШ доллары сунушталып, алгачкы акысы 1000 АКШ доллар берилген.
Ииликтенип жаткан кылмыш иштери ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүндө.

Эскерте кетсек, Нуркан Турсунбаев ушул жылдын жаз айында сабалып, ооруканага жатып чыккан. Ал боюнча толук маалыматты бу жердеге ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.