Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Табияттын жандануусун жар салган Нооруз майрамы менен куттуктайм”

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Табияттын жандануусун жар салган Нооруз майрамы менен куттуктайм”

“Ата Мекен” партиясынын лидери Текебаев Өмүрбек Чиркешович түрмөдө отурса да кыргызстандыктарды ар бир майрамда унутпай, алкап, ак тилегин айтып турат. Бу жолу да кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Ал төмөндөгүдөй:

Урматтуу кыргызстандыктар, мекендештер!

Сиздерди жаратылыштын жаңылануусун жана табияттын жандануусун жар салган Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Эзелтен ата-бабаларыбыз жер жарылып көк чыккан, күн менен түн теңелген ушул касиеттүү күндү өзгөчө кастарлап, өзгөчө ыйык тутуп майрамдап келишет.
Нооруз – берекенин, өз ара түшүнүүнүн, терең ишенимдин, үзүлбөс үмүттүн учугун улаган улуу майрам. Адам жан дүйнөсүн тазартууга, жаман адаттан арылууга, адамдарды бири-бирине кечиримдүү болууга, бири-бирин кечире билүүгө үндөгөн майрам!
Жалпы журтубуз бул улуу күндү белгилеп жатып, бири-бирине ак тилек, таза сезимдерин билдиришет.
Нооруз күнү ар бириңиздердин үйүңүздөргө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер жылоолосун!

Нооруз майрамыңыздар маарек болсун!

Өмүрбек Чиркешович, «Алакан» сайтынын эмгек жамааты сизди да майрамыңыз менен куттуктайбыз! Эртерээк акталып чыгып, апаңыздын, үй-бүлөңүздүн маңдайында аман болуңуз!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.