Бүгүн Бабырбек Жээнбековдун сөөгү Көкчөтоодон чыгарылат

Бүгүн Бабырбек Жээнбековдун сөөгү Көкчөтоодон чыгарылат

Бүгүн, 23-мартта белгилүү публицист, юрист, журналист, “Алиби” гезитинин ээси жана башкы редактору Бабырбек Жээнбековду акыркы сапарга узатабыз. Маркумдун сөөгү Бишкек шаарындагы Көкчөтоо (Кокчетавская) 234 менен Махатма Ганди көчөсү менен кесилишкен куттуу үйүнөн саат 10:00до алынып чыгат. Коштошуу зыйнаты саат 9:00до башталат. Коштошууга белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, ЖК депутаттары, ырчылар, төкмө акындар катышат.

Маркумдун жубайына, уул-кыздарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөбүз!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.