Бүгүн Олжобай Шакирдин жүрөгү дүкүлдөп, ырдайт. Кирүү акысыз, келиңиз!

Бүгүн Олжобай Шакирдин жүрөгү дүкүлдөп, ырдайт. Кирүү акысыз, келиңиз!

Бүгүн, 22-майда Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы опера-балет театрында, саат 17:00до акын, котормочу, журналист Олжобай Шакирдин “Дүк-дүк жүрөк” аттуу адабий-музыкалык поэзия кечеси өтөт. Акындын ырлары окулат, өзү ырдайт. Үнү эми керемет, аны өз көзүңүз менен көрүп, угушуңуз керек. Келиңиз, кирүү акысыз. Кечени “Роза Отунбаева демилгеси” эл аралык коомдук фонду уюштурууда…

«Шолоктоп неге ырдадың?»

Акын, журналист Зайырбек Ажыматов да өзүнүн баракчасына анын ырдай турганы боюнча жазды. «Олжоке бүгүн, 22-майда опера жана балет театрында 17:00дө өтө турган поэзия кечесинде обону Элмирбек Иманалиевге сөзү мага тийешелүү «Шолоктоп неге ыйладың?» аттуу ырымды ырдайт экен. Ал ыр эч нерсе эмес, Олжоке кечесинде андан башка да керемет ырларды ырдап, мөлтүр кашка поэзиясын окуп, жан дүйнөнү эргитет. Бул кечеге барган да, барбаган да арманда...»,-дейт З.Ажыматов.

Олжобай Шакир кечеден кийин каякка барат?

Олжобай Шакир агабыз буга чейин «Фейсбук» баракчасы аркылуу поэзия кечесине ыр күйөрмандарын, поэзия кеченин сүйөрмандарына чакырып таштап келди. Бүгүн да жазыптыр. Ал төмөндө.

«Бүгүн саат 17-00дө чыгармачылыктагы үзөңгүлөш досум Каныбек Иманалиевдин «Кыргыздар» аттуу 20 томдуктан турган китебинин бет ачар аземи «Супара» этно-комплексинде, ал эми менин «Дүк-дүк жүрөк» аттуу адабий музыкалуу кечем А.Малдыбаев атындагы опера-балет театрынын чоң залында өтөт. Арийне, Каныбек экөөбүзгө мамилеси, сый-урматы бирдей ага-ини, эже-карындаштар, жалпы эле замандаштарыбызга кулак кагыш кылаарым: бүгүнкү кеченин кайсынысын тандасаңыздар, ал өзүңүздүн гана тандоо. Менин кечеме келбей калган кимдир-бирөөгө менде эч бир таарыныч болбойт. Тек, Каныбек досум экөөбүз иш-чарабызды бир күнгө тушташ уюштуруп калганыбызды кеч билип калдык. Андыктан чайналбаңыздар… Каныбектин кечесин каалагандар «Супарага», менин кечемди каалагандар опера-балетке барыңыздар! Болгону элдин маданиятка, адабиятка болгон талабын өстүрсөк болду! Биздин ийгилик ошол! Каныбек экөөбүздүн максат-мүдөөбүз, тилегибиз да ушул!
Каке, иш-чараңды ийгиликтүү өткөрүп ал! Мен да буюрса сценарий боюнча 1 саат 20 мүнөттүк кечемди жыйынтыктай салып эле сенин кечеңе зуулдап жетип барабыз…»

Эки чыгармачыл адамдын уюштуруу кечеси бир күнгө кош, бир саатка туш келип жатканы бекер болбосо керек. Жамгыр да бекер жаабаса керек. «Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көтөгөрөт»,- дегендей, жамгыр менен жер көгөрсө, элдин батасы менен сиздер көгөрүңүздөр, ийгилик каалайбыз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.