Дастан Жумабеков Оштогу туугандарды чагымчылыкка алдырбоого чакырды

Дастан Жумабеков Оштогу туугандарды чагымчылыкка алдырбоого чакырды

Спикер Дастан Жумабеков 29-июлда Жалал-Абад облусуна барып, Ноокен, Майлы-Суу, Базар-Коргон жана башка райондорду кыдырган. 30-31-июлда Ош облусунун Ноокат, Араван жана Алай райондорун кыдырып, эл менен жолугушканын парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Спикер жолугушууда элдин суроо-талаптарын, сунуштарын угуп, айрым күчтөр абалды курчутууга аракет кылып жатканын баса белгилеп, элди андай чагымчылыкка алдырбоого үндөп, саясий стабилдүүлүктү сактоого чакырды. Ошондой эле, спикер Алай районундагы Ленин айылында курулушу каражаттын жетишсиздигинен токтоп калган бала бакчага төраганын фондунан 100 миң сом бөлүп берүүнү убада кылды.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.