Курсан Асанов үй камагына чыгарылды. Ал эмне себептен камалды эле?

Курсан Асанов үй камагына чыгарылды. Ал эмне себептен камалды эле?

Ички иштер министринин мурдагы орун басары генерал Курсан Асановдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Курсан Асанов 2020-жылдын 10-октябрында кармалып, камалган. Ал 9-октябрдагы борбордук аянттагы «массалык башамаландык» иштер боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын УКМК билдирген. Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын карап, 10-декабрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Ал убакытка жетпей 4-ноябрда үй камагына чыгарылып, элге кайрылып, анын камалышы мурунку бийликтин саясий заказы болгонун билдирген эле.

Эске сала кетсек, Курсан Асанов 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан талапкер болуп катышкан. Шайлоо жыйынтыгына нааразы тараптар 5-октябрда Ала-Тоо аянтында митинг уюштуруп, аягында митингчилер Ак үйдү басып алышкан. Ошондон кийин ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин кайда экени билинбей, анын кабинетин убактылуу Курсан Асанов ээлеп, ошол учурдагы кырдаалды турукташтыруу максатында милицияга дем берип, элдик кошуундарды түзүп, маанилүү объектилерди кайтартып бир кыйла зарыл иштерди алып барган. 8-октябрда журналисттерге жыйын өткөрүп, ички иштер министринин качып кеткенин, азыр кайда экенин билбестигин айткан. Бирок, Курсан Асанов менен ИИМ иштешүүдөн баш тартып, аны министрликтин имаратынан чыгарып коюшкан. Себебин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.

Буга чейин, 2019-жылы 13-августта, андагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Курсан Асановду кызматтан алган эле. Анын кызматынан кетишине ага коюлган айып себеп болгон. Тагырагы, ИИМдин Ички иликтөө кызматы «7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын саткан жана ишеничтен кеткени аныкталды» деген чечим чыгарган. Ага Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен айып тагылып, аны Аскер прокуратурасы иликтеген. Бөгөт чарасы 27-августта Биринчи май райондук сотунда каралып, 13-октябрга чейин үй камагына чыгарылган.

Кыскасы, генералды улам камап, кайра чыгарып келатышкан… эми кайра камашпастыр дейбиз…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.