ВИДЕО — Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгондор кайра шайлоону талап кылышууда… БШК эмне дейт?

ВИДЕО — Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгондор кайра шайлоону талап кылышууда… БШК эмне дейт?

Бүгүн, 12-апрелде, шайлоо жыйынтыктарына нааразы болгон «Бүтүн Кыргызстан», Коммунисттер, ДДК, «Тынчтык», КСП, «Улуу Журт», «Бийлик элге», Жашылдар партияларынын өкүлдөрү БШК алдына митингге чыгышты.

Алардын айтымында, шайлоолордо одоно мыйзам бузуулар болгон. Ошондон улам алар добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын жокко чыгарып, кайрадан шайлоо жарыялоону талап кылышууда.

БШК эмне дейт?

Ушул эле күнү БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумдагы мыйзам бузуулар тууралуу маалымат берди. Ал кайсы бир шайлоо тилкесинде эреже бузуулар аныкталса, ал жердеги добуштардын жыйынтыгы жокко чыгарыларын билдирип, шайлоо жыйынтыгына макул эмес партиялар менен талапкерлерди мыйзам чегинен чыкпоого чакырды.

Жеңишке жеткен 6 партия 

Кечээ, 11-апрелде, Бишкек шаардык кеңешине 25 партия ат салышып, 6 партия — «Эмгек», «Ак бата», Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы (НДПК), «Ата Журт Кыргызстан», «Ынтымак», «Биздин эл» жеңишке жетишкен.

Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо менен катар Баш мыйзамдын жаңы долбоору сунушталган референдум өтүп, жетиштүү колдоо тапты делүүдө. Айтымында, референдумда шайлоочулардын 79%дан ашыгы «макул» деген добуш беришкен.

Ай, ким билет, ким билет…

ФОТО: «АКИпресс», ВИДЕО: «Азаттыктыкы»

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.