ВИДЕО — Кытай COVID-19га каршы вакциналары натыйжалуу болбой жатканын мойнуна алды

ВИДЕО — Кытай COVID-19га каршы вакциналары натыйжалуу болбой жатканын мойнуна алды

COVID-19га каршы вакциналары натыйжалуу болбой жатканын Кытай мойнуна алганын «Азаттык» жазып чыкты. Алардын айтымында, мындай маалыматты Кытайдын Ооруларды көзөмөлдөө борборунун башчысы Гао Фу билдирген. Анын айтымында, Кытай бийлиги натыйжалуулукту арттыруу үчүн аларды айкалыштыруу ыктымалдуулугун карап, «ар түрдүү техникалык линиядагы вакциналарды» колдонуу мүмкүндүгүн талкуулап жатат.

Кытай аткаминери жергиликтүү өндүрүштөн чыккан вакцина COVID-19 вирусунан анча коргобой жатканын мойнуна алган биринчи учуру. Бул арада Бээжин чет өлкөлөргө, анын ичинде Мексика, Түркия, Индонезия, Венгрия, Сербия, Бразилия жана Чилиге миллион доза вакцина жеткирүү боюнча келишим түзгөн. Кытайда вакцинасынын эки компонентин 35 миллиондой, бир дозасын 65 миллиондой киши алган.

Бразилияда жүргүзүлгөн иликтөөгө ылайык, Sinovac вакцинасы вирустан 50,4 пайыз гана коргойт. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска каршы вакцинанын натыйжалуулугу 50 пайыздан кем болбошу керек деп эсептейт. Маселен, Moderna менен Pfizer-BioNTech вакциналары вирустан болжол менен 95 пайыз коргоого кудуреттүү.

 Алымкадыр БЕЙШЕНАЛИЕВ: «Министр катары мен жооп берем!»

Эске сала кетсек, Кыргызстанда ушул жылдын 29-мартында коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталган. Бишкектеги №7 Үй-бүлөлүк медицина борборунда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев биринчилерден болуп эмдөө алып, буларды айткан:

Кытайдын вакцинасы Кыргызстанга качан келген?

Кытайдан 150 миң доза вакцина Кыргызстанга ушул жылдын 19-мартында келген. Ал 75 миң адамга деп эсептелген. Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, «Тез жардамда» иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделээри айтылган. Эмдөө атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт. Анда Кытайдын «Sinopharm» компаниясынын вакцинасы колдонулууда.

Эмделген экс-президент эмне дейт?

Экс-президент Роза Отунбаева 10-апрелде Бишкектин №7 эмканасында коронавируска каршы Кытайдан алынып келинген «Sinopharm» вакцинасын сайдырган.

Ал эмделгенден кийин элди эмдөөдөн өтүүгө чакырганын «Роза Отунбаеванын демилгелери» коомдук фонду билдирип чыкты.
Бирок, эмдөө боюнча коомчулуктун көпчүлүгү жакшы пикирде эмес.

  Бүгүн, 13-апрелде, Кыргызстанда 227 адамдан COVID-19 (коронавирус жана пневмония) диагнозу тастыкталганын Республикалык ыкчам штабы билдирди.

Вакцина маселеси дагы кандай жаӊылыктарды жаратат, бара көрөрбүз…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.