Мамлекетке чыккынчылык кылууга шектелип кармалгандын бири — Марат Казакпаев. Ал ким?

Мамлекетке чыккынчылык кылууга шектелип кармалгандын бири — Марат Казакпаев. Ал ким?

Мамлекетке чыккынчылык кылууга шектелип кармалган эки адамдын бири саясат талдоочу Марат Казакпаев экенин УКМК бүгүн, 14-апрелде расмий билдирди.

Алардын айтымында, ал ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында табылган далилдердин негизинде кечээ, 13-апрелде кармалган. Кармалган экинчи М.Т. аттуу адамдын аты-жөнү ачыктала элек. Алар тууралуу эми  иш купуялык негизде каралат. Тагырагы, кылмыш иштин материалдары жашыруун болгондуктан маалымат тергөө аяктагандан кийин берилет. Эгер күнөөсү далилденсе, алар 10 жылга кесилиши ыктымал.

Марат Казакпаев тууралуу учкай маалымат бере кетсек, ал 1966-жылы 29-январда төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 1994-жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин аяктаган. Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтунун эл аралык маселелер бөлүмүндө эмгектенген. Кыргыз-Орус славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинин саясат таануу кафедрасынын улук окутуучусу, «Полис Азия» аналитикалык борборунун эксперти, саясат талдоочу.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.