Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «Биз апабыз менен сыймыктанчубуз…»

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «Биз апабыз менен сыймыктанчубуз…»

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин апасы Тилла Текебаева дүйнө салды. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын Саясий кеңеши билдирди:

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин апасы Тилла Текебаева дүйнөдөн өттү.
Суук кабарды оор кайгыруу менен кабыл алдык.
Тилла Текебаева жакында 90го чыкмак. Апа көптөн бери ооруп жаткан.
“Ата Мекен” партиясынын жалпы мүчөлөрүнүн атынан партия төрагасы Өмүрбек Текебаевге жана жакындарына терең кайрыгуу менен көңүл айтып, аза-кайгыларын тең бөлүшөбүз.
Кайрат кылыңыздар!
Тилла апанын арты кайырлуу, ыйманы саламат болсун! Жараткан Бейишинен орун берип, калган өмүр-жашын балдарына, небере-чөбөрөлөрүнө берсин!
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 30-апрель Акман айылында өтөт.

«Ата Мекен» партиясынын Саясий кеңеши

Архивден…

«Кичүү кызыма апамдын Айсара ысымын бердик”

2012-жылы, 24-майда, “Де-факто” гезитине андагы ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев апасы боюнча айтканын чыгардык эле. Агезде Тилла апа 80де эле. ..
 Апамдын аты — Тилла, жакында, буюрса, 80ге чыгат. 1933-жылы төрөлгөн. Агезде документтер болбогондуктан, «өрүк гүлдөгөн маалда төрөлгөм» деп калат. Ошол себептен, апамдын туулган күнүн жаз айында белгилейбиз. «Тилла» — бул биздин региондун диалектисинде «алтындын» синоними. Балдарымдын бирине атамдын, кыздарымдын бирине апамдын ысымын берейин деп жүргөн элем. Бирок атамдын ысымын коюуга апам да көнбөй, аялым да: «Мен аны кантип чакырам» деп болбой койгон. Кичүү кызым төрөлгөндө апамдын атын коем деп калдым. Апам өзү да бул ойду жактырбады. Бирок, баары бир оюмдан кайтпай, Айсара ысымын бердик. «Сара» иран тилинде «алтындай», еврей тилинде «кубаттуу ханыша, кожейке» дегенди билдирет экен.

Атам да эрте жетим калып, апам да жетим чоңойгон. Апам Сузактын Кара-Дарыя айылынан, атам Базар-Коргондон. Автобус жүрбөгөн, жол жок убакта экөө кантип табышып калганын билбейм. Алар үйлөнгөндө апам 18де экен, балким, андан да жаш болгон болсо керек. Анткени, атамдын достору: «Чиркеш, сен жаш кызга үйлөнүп алдың, Совет өкмөтү сени бул үчүн камап коет» деп тамашалашчу экен. Ошондон улам, атам өзүнөн үч жаш гана кичирейтип, апамдын жылын 1930-жыл деп жаздырыптыр. Апам пенсияга чыкканда атам: «Көрдүңбү, ошондо мен көрөгөчтүк кылган экенмин, пенсияга үч жыл эрте чыктың» деп тамашалап калчу. Апамдын жаш кезин элестетсем, көз алдыма башынан кыргыз келининин классикалык тагдырын өткөргөн, үйдө аз сүйлөгөн, уяң мүнөз, өтө байкалбаган, бирок колхоздун да, үйдүн да жүгүн көтөргөн айым тартылат. Апам Социалисттик эмгектин ударниги болгон. Нормаларды ашыра аткарчу, өзгөчө күзүндө атаандаштык күч алат эле. Колхоздун радио түйүнүнөн пахта теримдин күнүмдүк жыйынтыгын чыгарып, айтып турушчу. Атам баш болуп ошону угуу үчүн түнкү саат 12лерге чейин уктабай сводканы күтүп отурчубуз. «1-бригададагы Текебаева Тилла 140-150», кээде «200 килого чейин пахта терди» деп колхоз боюнча биринчи же экинчи орунду ээлегенин айтат эле. Аны угуп, биз апабыз менен сыймыктанчубуз. Ошол сыймыктуу сезим ал кезди эстегенде азыр да дал ошол калыбында менде пайда боло түшөт. Апамдагы намыскөйлүк, өжөрлүк, мээнеткечтик, үй-бүлөнүн кадыр-баркын сактоо үчүн жанын үрөгөн сапаттар, азыр ойлоп көрсөм, бардык эле кыргыз аялдарына таандык экен.

Назира СААЛИЕВА

2012-жыл, «Де-факто» 

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты Өмүрбек Текебаевге, жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтып, аза-кайгысын теӊ бөлүшөт. 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.