УКМК Тайырбек Сарпашевди эмнеге кармаганы тууралуу маалымат таратты

УКМК Тайырбек Сарпашевди эмнеге кармаганы тууралуу маалымат таратты

УКМК мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевди кармаганы тууралуу маалыматты  бүгүн, 18-июнда, таратты.

Ал маалыматка караганда, Сарпашев канадалык «Центерра Голд» компаниясынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүп, «Кумтөр» алтын кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирген жана өкмөттө иштеп турганда мөңгүлөрдүн сакталышын камсыз кыла турган мыйзам долбоорун иштеп чыгууга, кабыл алууга тоскоолдук кылганын тергөө аныктаган. Мындан тышкары, Суу кодексине «Кумтөр Голд» ишканасына мөңгүлөрдү иштетүүгө мүмкүнчүлүк берген,  Кумтөр кенинде жайгашкан “Лысый” жана “Давыдов” мөңгүлөрүнүн талкаланышына алып келе турган өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды парламенттин кароосуна киргизген.

Кыскасы, тергөө тарабынан аныкталган жогоркудай кылмыштуу аракеттерин эске алынып Тайырбек Сарпашев кечээ, 17-июнда, Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү («Коррупция») боюнча кылмышка шектүү делип кармалды.

Тайырбек Сарпашев — 2012-2014-жылдары экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр, 2014-2015-жылдары биринчи вице-премьер-министр, 2015-2017-жылдары Мамлекеттик каттоону жетектеген.

Алтын кендеринин эң ириси – «Кумтөр»

Кыргызстандагы алтын кендеринин эң ириси – «Кумтөр». Ал Ысык-Көл облусундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан. Анда учурунда алтындын 396 тоннадай кору бар деп эсептелген. 1997-жылдан 2018-жылга чейин 345 тоннадай, 2019-жылы, бир жыл ичинде 534,563 унций же 16 тоннадай алтын казылганы айтылган.

«Кумтөр» иши боюнча бир топ саясатчылар суралып, камалып жатат.

Айтмакчы, Тайырбек Сарпашевдин камалышына негиз болуп берген Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү 2015-жылы дал ушундай июнь айында Жогорку Кеңеште каралып, кайдыгер эмес бир катар депутаттар, жарандык коомчулук өкүлдөрү каршы чыгышкан болчу. Ал кезде Темир Сариев өкмөт башчы, Тайыр Сарпашев биринчи вице-премьер-министр болуп турган Кыргыз Өкмөтүнүн демилгеси боюнча Суу кодексине Алтын кендерин ачык казып, мөңгүлөрдү жылдырууга уруксат берген ченемдер киргизилмек болчу. 2015-жылы 10-июндагы Жогорку Кеӊештин талкуу жыйынына бир топ өкмөт мүчөлөрү, “Кыргызалтындын” жетекчилиги менен келген биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Давыдов мөңгүсүн көчүрүүнү мыйзамдаштырбасак, «мөңгү жылып келип, баарын басып калат; экологиялык кесепети чатак болот, оор болот; бюджетке 5 млрд. сомдон ашык акча түшпөй калат; инвестициялык климатты жоготобуз; Кумтөрдүн иши таптакыр токтойт» ж.б.у.с. кооптуулуктарды келтирип депутаттарды көндүргөнгө аракет кылгандай болгону эсибизде.

Бирок тиешелүү өзгөртүүлөр боюнча мыйзам долбоорунун артында КОРРУПЦИЯ жатат деп ошондо эле эл өкүлдөрүнүн ичинде да, жарандык коомчулукта да эскертип айткандар бир топ эле болгон

Бул боюнча кошумча кийин да кайрылабыз…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.