Ысык-Көлдөн чыккан 7 акени жазган санжырачы Кашымбек Асанбековдун балдарынын кайрылуусу…

Ысык-Көлдөн чыккан 7 акени жазган санжырачы Кашымбек Асанбековдун балдарынын кайрылуусу…

7 Акенин мурастарын эл арасына жайылткан жана даңазалаган Ысык-Көлдүн белгилүү, ардактуу атуулу, тажрыйбалуу тарыхчы, санжырачы, комузчу, акын, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук жана Ысык-Көл мамлекеттик университеттеринин Ардактуу профессору Кашымбек Асанбеков 24-октябрда Ысык-Көл облусундагы Дархан айылында эскерилет. Бул тууралуу 19-октябрда маркумдун кызы Салтанат Асанбекова билдирген.

Бүгүн, 21-октябрда, Кашымбек Асанбековдун уул-кыздары элге кайрылуу жасады. Алардын айтымында, атасынын ашы Дарханда өткөрүлөт. Көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак экен. Чогуу иштеген окумуштуулар кесиптеши тууралуу ашында эскеришет. Аны менен катар «Ысык-Көлдүн даанышман Акелери/Мудрецы Иссык-Куля» аттуу кыргыз, орус тилдериндеги китебинин бет ачары болот.

«Атабыздын кыргыз тилинде жазылган китеби орус тилине которулду. Эми англис тилине которулууда. Ал китептин бет ачары келээрки жылы Бишкекте өткөрүлөт. Пандемиядан арылгандан кийин, 2022-жылы, жазында ал китептин бет ачаары менен кошо атабыз эскерилет. Ошондо белгилүү саясатчыларды, окумуштууларды чакырабыз. Ошондон улам, атабыздын ашына атактууларга чакыруу берилген жок. Атамдын эмгегин унутпай, сыйлап, урматтагандардын баарына ыраазычылык билдиребиз«, — дейт маркумдун балдары.

Кашымбек АСАНБЕКОВ: «Демократияны – Эл бийлигин коргойлук!»

Кайрат берчү өзүмө,

Кайрыламын элиме.

Кысталган өткөөл мезгилде,

Мекениме демилге.

Коом өзгөрүп жатканда,

Канымдагыны айтайын,

Калайык, тыңдап кабыл ал.

Ата-баба мурас салтын баалайлы,

Ар улуттун кыйбас жагын жактайлы.

Уюткусу ырыстын,

Оболу ынтымакты кармайлы.

Эзелтен элим эңсеген,

Эгемендүүлүгүбүздү сактайлы.

Элдик бийлик күч алаар,

Акыйкаттык үн алаар,

Аны ардактап ар ким күтө алаар.

Тагдырлар калбай кайдыгер,

Калыстык болуп эгедер,

Кадырына эл жетер.

 

Элим эченди башынан өткөрүп келген,

Кыйын кезеңдерди туруштук берип жеңген.

Жашоо мөөнөтүндө кымбаттап келмек,

Арылтаар биримдик, бийлик,

илим, өнөр, орошон эмгек.

Эмгек, Эмгек жана Эмгек!

Жумуш жок деген куру сөз,

Турбайбы мээнет түгөнбөс.

«Эр эмгегин жер жебейт»,

Жер иштеткен келбеттүү.

Болуп туруп ден соолук,

Жанына кылбайт камкордук.

Жакырдын жайы жалкоолук,

Кендирди кескен жалкоолук.

Ишкердик экен күлазык,

Ишкердикке жол ачык.

Ишкердикти туталык,

Таттуу даамын сызалык.

Мал киндиктүү жерибиз,

Мал жандуу ата-тегибиз.

Колдон келчү бир иш бар,

Жайыт, жайлоо не түркүн,

Күтүрөтүп мал күткүн,

Таза «күркүл» болосуң.

Ээ жарандар!

Эркиң барда жакшылык колдон келсе,

Ээси болгун тартуу кылгын элге-жерге.

өлүм кандай шум кандай,

өтүккө мык каккандай,

өтүп кетет ар кандай,

Сыдыргыга салгандай,

Бу дүнүйө жалгандай,

Түрдүү жан жарык жайга келип кеткен,

Сен да конок бир келген жетеленген.

Адамды аздектесе ак ниет кенен пейил,

Журту колдоор кайда жүрсө жүгү жеңил.

Боор жибитет ушул тапта боорукердик,

кайрымдуулук,

Баарын жеңет аста секин,

Сары алтын сабырдуулук.

Жакшылыктын чеги жок,

калыстыктын теңи жок.

Эл камын көрүп,

эл үчүн күйүп-жанып,

Ысымына ыйык жүк арткан инсандарга

Урмат! Урмат!

Аларга жол берчү мезгил келди.

Өз камын көрүп, эл ичин бузуп-жарып,

Тукумуна былык түйшүк тарткан,

Кир жандарга Наалат!

Буларга тор керүүгө убакыт жетти.

Тоолуктардын жеринде,

толкугандай Ысык-Көл,

Темирдей тартип орносо.

Өнөр жайлар от алып,

жумушсуздар иш алып,

Шаар калкы оңолсо.

Мафия жиби үзүлүп,

паранын аты өчүп,

Коррупция токтосо,

Өлкөм өр таянып бет алат!

Бейпил түн кетпей төрүбүздөн,

Береке качпай элибизден.

Бейкуттук учпай жерибизден,

Турары биздин өзүбүздөн.

Калың журтум, тууган эл,

Кайрыламын, ыкка кел.

Азат туусу колубузда,

Бүт дүйнө билген эл болдук,

Өлкөбүзгө өзөк болуп, өрүш берчү,

Демократияны – Эл бийлигин коргойлук!

«Калың журтка кайрылуу» аттуу атасынын ырын салган Салтанат айым: «Ата-Журттун нукура байлыгы — эл. Элдин куруп алган коомуна карата мекенибиз нарк алат. Элдик инсандар көбөйсө, өлкөбүздүн тагдыры оң жолго багыт алганы ошол» деп айтчу атабыз», — дейт.  

Салтанат айым учурда Италияда жашап, эмгектенет. Бул айымдын да бейнесин жакында ачып беребиз. Эртең, 22-октябрда скрипач Уланбек Асанбековдун маегин окуй аласыздар!

Назира СААЛИЕВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.