ИИМ: «Кечээги шайлоодо элге жат көрүнгөн, резонанс жараткан окуялар катталган жок»

ИИМ: «Кечээги шайлоодо элге жат көрүнгөн, резонанс жараткан окуялар катталган жок»
Коомдук коопсуздукту камсыздоодо милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантууда. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы  бүгүн, 29-ноябрда, билдирди.
Алардын айтымында, Ички иштер министрлиги эл коопсуздугун камсыздоо, ар түрдүү укук бузууларга жол бербөө үчүн республика боюнча ички иштер органдарынын 12 миңге жакын кызматкери “күчөтүлгөн тартипте” кызмат өтөшүүдө. Анын ичинде, 2 миң 435 шайлоо тилкесинде 6 миңге жакын кызматкер жүктөлгөн милдеттерди аткарышты. Кызматкерлер менен бирге ички иштер органдарынын 500дөн ашуун ардагерлери эл арасындагы тартипти камсыздоого жакындан жардам беришкендигин белгилейбиз.
Милициянын максаты — шайлоону коопсуз шартта тынч өткөрүүнү камсыздоо болуп эсептелет жана кечээги болуп өткөн шайлоодо коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган аймактарда одоно тартип бузуулар, массалык башаламандыктар жана элге жат көрүнгөн резонанс жараткан окуялар катталган жок.
Коомдук тартипти камсыздоого кол сунуп жардам берген 4 миңден ашуун ыктыярдуу элдик кошуундун бардык мүчөлөрүнө, ички иштер органдарынын ардагерлерине терең ыраазычылык билдиребиз.
Кечээ, 28-ноябрда, таңкы саат 08-00дон, кечки саат 24-00го чейин жалпысынан шайлоого байланышкан 126 факт катталган. Анын ичинен добуштарды сатып алуу кылмышы боюнча (Кылмыш жаза кодексинин 192 беренеси менен) эки факт Чүй облусунда катталып учурда тергелип жатат. Жоруктардан 5 факт катталып, административдик ресурсту пайдалануу 1 факт, майда бейбаштык 4 факт катталды, алар Чүй облусунда — 2, Бишкек шаарында — 1, Ош шаарында — 1, ал эми административдик ресурсту пайдалануу фактысы Баткен облусунда орун алган.
Андан сырткары: үгүттөө болду деген маалымат — 36, добуш берүү тартибин бузуу деген маалымат — 38, добуш сатып алуу деген маалымат — 21, шайлоочуларды унаалар менен ташуу маалымат — 19, жалган маалымат таратуу — 1, административдик ресурсту колдонулду деген маалымат — 1, электр энергиясынын өчүрүлүшү деген маалымат — 1, айлык кармоо деген маалымат — 1.
Аталган мыйзам бузуулардын бардыгы азыркы учурда жеринде териштирилүүдө жана жыйынтыктары мыйзамдарга ылайык сөзсүз түрдө чыгарылат.
Азыркы учурда өлкөнүн аймагында коомдук-саясий абал туруктуу, ички иштер органдары элдин коопсуздугун камсыздоо боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткарууну улантууда.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.