ЖАРЫЯ: Авторлор арасында Улуттук сынак! Сынактын жол-жобосу, шарты

ЖАРЫЯ: Авторлор арасында Улуттук сынак! Сынактын жол-жобосу, шарты

Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) жазуучулар арасында Улуттук сынак жарыялайт. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:

1) проза;

2) драма;

3) илюстрацияланган балдар көркөм адабияты;

4) илимий-популярдуу чыгарма;

Сынактын жол-жобосу, шарты:

Сынак 25-ноябрда башталган. 2022-жылдын 30-апрелине чейин кабыл алынат. 30 жаштан жогорку авторлор катыша алат. Жиберилген чыгармалар мурда эч жерде жарыяланбаган болушу керек!

Сынактын жеңүүчүлөрүнө чыгармачылык иштеринин жарык көрүүсүнө финансылык жардам көрсөтүлөт.

Чыгарманын көлөмү А4 форматтагы Microsoft Word документи тибинде, Times New Roman арибинде, 14-өлчөмдө терилип (саптардын аралыгы – 1,15), 150-600 беттен ашпоого тийиш.

Сынактын жобосу менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышып чыгууга болот: http://patent.kg/wp-content/uploads/2021/11/Улуттук-сынак-жобо-КЫРГ.pdf

Сынакка Жобонун №1 тиркемесине ылайык өтүнмөнү толтуруп, 2022-жылдын  30-апрелине чейин Катчылыктын dinara.akun@patent.kg электрондук почтасына же болбосо Кыргызпатенттин дарегине: 720021, Бишкек шаары, Москва көчөсү 62ге жөнөтүү керек.

Байланыш телефондор: (0312) 68-04-71,

(0700) 84-83-29, (0552) 84-83-29

Кыргызпатенттин басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.