Бүгүн Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү драматург Мар Байжиев эскерилди

Бүгүн Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү драматург Мар Байжиев эскерилди
Бүгүн, 6-октябрда, Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз-түрк маданият борборунда III даражадагы Манас, Данакер ордендеринин ээси, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз кинематографиясынын отличниги, Кыргыз эл жазуучусу, прозаик, белгилүү драматург Мар Байжиев эскерилди. Эскерүү кечени Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук адабиятты өнүктүрүү борбору уюштурду.
Эскерүүгө Маданият министринин орун басары Түмөнбай Колдошов,  Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Керимбек Кадыракунов, Кыргыз Эл артисттери: Түгөлбай Казаков, Мираида Далбаева, Эгемберди Бекболиев, Шайгүл Алсеитова, Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин, КРнын эмгек синирген артисти Бузурман Одуракаев, белгилүү актер Болот Тентимишов, белгилүү ырчы Чолпон Алсеитова, белгилүү акындар: Керез Зарлыкова, Шаиста Романова, Афина Бакирова, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жетекчиси Асылбек Өзүбеков, театр жана кино жаатындагы кесиптештери, замандаштары катышып, эскеришти. Алар көп кырдуу таланттын драмалары Орусия, Польша, Венгрия, Австрия, Канада, Монголия, Румыния, Болгария, Америка жана башка (жалпысынан 200) мамлекеттин сахналарында коюлганын, сценарийинин негизинде тартылган кинолору жогору бааланганын, эки тилде (кыргыз, орус) бирдей жаза алганын, СССР убагындагы бийликтин басым-кысымына баш бербеген кашкөйлүгүн баса белгилешти.

Баскан жолу

Белгилүү тилчи, окумуштуу Ташым Байжиевдин уулу Мар Байжиев Жалал-Абад шаарында 1935-жылы 23-мартта туулган. Балалык доору Фрунзе шаарында өткөн. Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик университетинин (КМУ) орус тили жана адабияты факультетин, Москвадагы киносценарист жана кинорежиссёрлук жогорку курсун аяктаган. «Кыргызфильм» студиясында, Маданият министрлигинде, «Литературная газета» басылмасында эмгектенген. «Балдар бойго жеткенде», «Эрөөл», «Биз — эркектер», «Ар бир үйдө майрам», «Кыз күйөө», «Алтынчы күнү кечинде», «Узак сапардагы поезд» пьесаларын жазган. Касымалы Жантөшев жана Тоголок Молдонун чыгармаларын орус тилине которгон.
Мар Байжиев 86 жашында былтыр (2021-жылдын 29-октябрында) акка моюн сунган. 31-октябрда акыркы сапарга узатканбыз. Сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган.
Назира СААЛИЕВА
P.S. 3 саатка созулган эскерүүнү толугу менен эртең окуй аласыздар!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.