ПРЕЗИДЕНТКЕ КАЙРЫЛУУ: «Абактагы аялдардын өмүрү коркунучта!» (4 миңден ашуун айым кол койгон кайрылуу)

ПРЕЗИДЕНТКЕ КАЙРЫЛУУ: «Абактагы аялдардын өмүрү коркунучта!» (4 миңден ашуун айым кол койгон кайрылуу)

2022-жылдын 23-октябрында Бишкекте айрым саясатчылар, жарандык активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылып, камакка алынган. Аларга Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу» деген айып менен камакка алынганын маалымдаган.

Жакында эле абактагы айрым айымдардын ден соолугу начарлап кеткени тууралуу социалдык тармактарга жазылган. Алардын өмүрү коркунучта экендигине тынчсызданган айымдардын (4 миңден ашуун аялзаты кол койгон) кайрылуусу редакциябызга келип түштү. Аны толугу менен төмөндөн окуй аласыздар!

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н.ЖАПАРОВго

КАЙРЫЛУУ

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Кыргыз Республикасы, чындыгында эле демократиялык институттарды өнүктүрүүнүн жана калыптандыруунун, конституциялык эркиндиктерди жана жарандардын укуктарын камсыз кылуунун даңктуу тарыхы, күчтүү жарандык коому, эркиндикти сүйгөн жана даанышман эли менен сыймыктана алат.

Биздин коомдо өзгөчө тарыхый роль Аялдарга таандык. Байыртадан бери эле кыргыз элинин аялзатына болгон мамилеси, турмуш казынасында кеңири орун алган – “Манас” эпосунда – Эне аты ыйык! Эпостун каармандары Каныкей, Чыйырды, Айчүрөк, Кыз Сайкал эр жүрөк, акылдуу, кыраакы, даанышман, терең адамкерчилиги менен ѳзгѳчѳлѳнүп турат. Кокон хандыгынын оор мезгилинде мусулман дүйнөсүнүн Алай ханышасы Курманжан датка татыктуу татыктуу урмат-сыйга ээ болгон. Элибиздин коомдук турмушунда аялга тиешелүү саясий ролду Совет доорунда Уркуя Салиева, Күлипа Кондучалова, Сакин Бегматова, Сүйүмкан Токторбаева, Жамал Ташыбекова, Жаңыл Түмѳнбаева сыяктуу коомдук-саясий ишмерлер мыкты аткарышкан. Рыноктук экономикага өтүүнүн зор сыноолору мезгилинде, 90-жылдары «экономикалык рычагдын» татаал милдетин алып, оор баштыктарды көтөрүп, кыйынчылыктарга баштарын ийбестен, эл аралык аренада  активдүү, максаттуу, күчтүү адамдардын мамлекети катары, Кыргыз Республикасынын эл аралык деңгээлдеги соода-сатык мамилелерин түзүүгө аттанышкан.

Өлкөбүздө көбүнесе лидер аялдардан турган жигердүү, кайраттуу жарандык коомдун өнүгүшү, гендердик теңчиликке жетишүү жана аялдардын саясий жана коомдук турмуштагы демилгелүү позициясын колдоо боюнча бир катар эл аралык милдеттенмелердин мамлекет тарабынан кабыл алынышы кыргызстандыктардын өзгөчөлүгүн белгиледи. Кыргыз Республикасы дүйнөнүн эл аралык картасында прогрессивдүү мамлекет катары өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарып, аялдардын лидерлигин өнүктүрүүдө жана демократиялык жетишкендиктерде регион жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү үчүн үлгү болуп саналат. Роза Отунбаева, Роза Айтматова жана башкалар сыяктуу замандын алдыңкы аялдарынын өлкөбүздү эл аралык таанытууга жана урматтоону бекемдөөгө, демократиялык институттарды калыптандырууга жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымын баалабай коюуга болбойт.

Алар менен катар 5-чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы вице-спикери, өлкөнүн жарандык коомунун түптөлүшүнүн башатында туруп, карапайым жарандардын жана адилетсиз саясий репрессияларга дуушар болгон адамдардын таламдарын талыкпай коргоп, эл аралык аренада өлкөнү татыктуу көрсөтүүгѳ катышкан жана бир катар прогрессивдүү мыйзамдарды иштеп чыккан коомдук жана саясий ишмер Асия Сасыкбаева өңдүү замандаштарыбыздын эгемендүү Кыргызстандын өнүгүшүнө зор салым кошкон; Гүлнара Джурабаева, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын мурдагы орун басары, таза жана ачык шайлоону негиздѳѳгѳ эбегейсиз салым кошкон, прогрессивдүү мыйзамдарды иштеп чыгууга жана добуш берүүдө биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен МКТны колдонууга чоң практикалык салым кошкон; Клара Сооронкулова, КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын мурдагы судьясы, чечимдерди кабыл алууда мыйзамдуулуктун жана акыйкаттуулуктун сакчылыгында турган, өзүнүн принципиалдуу позициясын түздөн-түз билдирген саясатчы; Перизат Суранова, коомдук жана саясий ишмер, активдүү гендердик эксперт, өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна аялдардын ролун жана катышуусун кеңейтүүгө көмөктөшүүдө салымын кошкон. Принциптүү позициясы менен таанылган саясатчы, жарандык активист жана укук коргоочу Рита Карасартова, Орозайым Нарматова, ЖКнын 7-чакырылышынын мурдагы депутаты, жаш активист, Москва шаарындагы «Жаштар коому» коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү, чет жердеги мекендештерди колдоо багытында активдүү иш алып баруучусу.

Булардын баары жарандык жана кесиптик ишмердүүлүктөрү менен күчтүү лидер, жогорку деңгээлдеги кесипкөй адистер жана өз өлкөсүнүн патриоттору экендиктерин далилдешти. Алар мыйзамсыз аракеттерге катышуу, кылмыш жасоого чакыруу же андан тышкары, кылмыш жасоого даярдык көрүү — зордук-зомбулук, уратуу, өрттөө, мүлктү жок кылуу, ок атуучу куралдарды, жардыргыч заттарды же жардыргыч түзүлүштөрдү колдонуу менен же бийлик өкүлдөрүнө куралдуу каршылык көрсөтүү менен коштолгон массалык баш аламандыктарды уюштуруу менен өздөрүнүн саясий капиталын жана аброюн тобокелге салат деп ишенүү кыйын. Алар эң сонун, даражалары бийик апалар, чоң энелер жана  тынчтык, туруктуулук, адилеттик деген сөздөрдү туу туткан инсандар.

Мындай олуттуу айыптар коюлганда, бардык мыйзамдуу жол-жоболор менен өтө кылдат, адилет жана ачык-айкын тергөө жүргүзүү өзгөчө маанилүү! Ал арада КР Акыйкатчы институту, бир катар укук коргоо уюмдары жана эл аралык институттар тинтүү учурундагы мыйзам бузуулар, «түнкү сотторду дайындоо», баш коргоо чарасын тандоо — 2 айга эркинен ажыратуу тууралуу жарыялашты. СИЗО-1де, оор шартта болуу ансыз да ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатат. Көптөгөн аялдар кесипкѳй медициналык текшерүүнү жана дарылоону талап кылат. тергөө учурунда алардын жабык мекемеде кармалышына эч кандай себеп жана объективдүү жагдайлар жок.

Болуп жаткан мыйзамсыздыкка, негизсиз айыптоолорго каршы протест катары,  аялдар мөөнөтсүз ачкачылык жарыялашты. Алардын өмүрү коркунучта! Начарлап кеткен ден соолугуна, адвокаттар менен туугандарынын талаптарына көңүл бурбастан, медициналык мекемелерде дарылоого мүмкүнчүлүк берилбей жатканы мыйзамга дагы, адамгерчиликке дагы жатпайт!

Белгилей кетсек, адам укуктары жаатындагы эл аралык нормаларга жана стандарттарга жана улуттук мыйзамдарга ылайык, камакта кармоо негиздүү, зарыл болгон жана мыйзамда каралган учурларда гана колдонулушу керек. Адам укуктарына кайдыгер мамиле кылуу жана мыйзамдарды сактабоо бир нече жолу оор тарыхый кесепеттерге алып келди.

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Сиз мамлекеттин Конституциясынын, жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин гаранты катары, укук коргоо органдарынан, сот органдарынан ачык-айкын, адилет иликтөөнү талап кыла турганыңызга терең ишенебиз.

Укук коргоо жана юстиция органдарынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Конституциясын,  калыстык принциптерин жетекчиликке алып, жогоруда аталган жетекчи айымдарга карата бөгөт коюу чарасын эркинен ажыратуу менен байланышпаган түргө өзгөртөт, Мыйзамдын чегинде иштерди кароодо айыптоочу тараптын тиешелүү далилдеринин жана фактыларынын жоктугуна, ошондой эле бул аялдардын мыкты аброюна, активдүү коомдук-саясий ишмердүүлүгүнө көңүл буруу менен  мыйзамдуулуктун принциптерин сактайт деп ишенимибизди артабыз.

Урматтоо менен,

  1. Наталья Никитенко, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V, VI чакырылыштарынын депутаты;
  2. Айнуру Алтыбаева, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V, VI чакырылыштарынын депутаты;
  3. Аида Салянова, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты;
  4. Айсулуу Мамашева, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты;
  5. Эркингүл Иманкожоева, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V — чакырылышынын депутаты;
  6. Гүлнара Асымбекова, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн мурдагы вице-премьери;
  7. Айнура Усупбекова, «Гражданская платформа» коомдук бирикмесинин төрайымы;
  8. Анара Ниязова, д.ю.н., «Инновациялык чечимдер» коомдук уюму, КРСУнун жарандык укук жана процесс кафедрасынын башчысы;
  9. Зулфия Көчөрбаева, «Социалдык технологиялар агенттиги» бейөкмөт уюмунун директору;
  10. Назгүл Турдубекова, «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондусунун директору;
  11. Гүлжан Байбетова, «Аялдардын демократиялык тармагы» коомдук фондусунун төрайымы;
  12. Асыл Айтбаева, «Интербилим» эл аралык борборунун директору;
  13. Гүлгакы Мамасалиева, Ош филиалы «Интербилим» Эл Аралык Борбору»
  14. Азиза Абдирасулова, Укук коргоочу, Тынчтыктын Нобель сыйлыгынын номинанты;
  15. Эркайым Мамбеталиева, Борбор Азия проблемалык изилдөө институтунун коомдук фондунун жетекчиси;
  16. Бермет Букашева, коомдук ишмер, журналист;
  17. Гүлнара Айтбаева, «Бишкек аялдар борбору» коомдук уюмунун Координациялык кеңешинин төрайымы;
  18. Антонина Ли, «Шоола-Көл» коомдук бирикмесинин төрайымы;
  19. Банур Абдиева, ЖИ Apricot Guest House;
  20. Жамиля Асаналиева, «Лидер» бейөкмөт уюмунун жетекчиси;
  21. Эркина Убышева, «Смарт Жаран» Ассоциациясы;
  22. Адаш Токтосунова, «Маданияттар жана цивилизациялар диалогу» коомдук уюмунун жетекчиси, жарандык активист;
  23. Венера Токтогонова,”Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттери» Бирикмеси;
  24. Гүлнара Мырзаканова, «Эрдик-Подвиг» Коомдук Фонду;
  25. Гүлнара Каликова, KG Analytics;
  26. Бурул Макенбаева, жарандык активист;
  27. Сания Токтогазиева, юрист;
  28. Таттыбүбү Эргешбаева, Кей Джи юристтер уюму (Тандем) коомдук уюму;
  29. Чынар Турдалиева, жарандык активист;
  30. Назгүл Келдибекова, жарандык активист;
  31. Жетиген Асанбек кызы, жарандык активист;
  32. Турсункан Сыргатаева, жарандык активист;
  33. Надира Астапаева, жарандык активист;
  34. Дана Абдыбекова, «Кыргыз Биримдик коому» бирикмесинин төрайымы;
  35. Канышай Мамыркулова, коомдук ишмер;
  36. Айжан Абылгазиева, «Дети Евразии» коомдук бирикмесинин төрайымы, Евразия балдар академиясынын негиздөөчүсү;
  37. Кайыргүл Урумканова, МИА GovoriTV бирикмесинин негиздөөчүсү;
  38. Назира Бабаева, Нарын мамлекеттик университетинин окутуучусу;
  39. Шербет Тилекбекова, жарандык активист;
  40. Асел Жакыпбекова, жарандык активист;
  41. Гүлсүн Мусаева, жарандык активист;
  42. Сюита Аттокурова, Аялдардын демилгелүү топтору – Нарын;
  43. Зарина Узбекова, IRM программасынын директору;
  44. Айгүл Бакеева, ПолитКлиника медиасы;
  45. Шабдыраева Чолпон, Репетитор ZA+ онлайн окуу борбору;
  46. Жумагулова Махабат, коомдук кеңештердин координациялык кеңеши;
  47. Надежда Добрецова, Өнүктүрүү саясаты институтунун бейөкмөт уюмунун башкармалыгынын төрайымы;
  48. Бактыгүл Жумакулова, саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук кеңеши;
  49. Жээнгүл Жайчинова, КРнын жараны;
  50. Айзат Исакбекова, КРнын жараны;
  51. Бурул Усманали, жарандык активист;
  52. Гүлхан Бөрүбаева, коомдук ишмер;
  53. Аида Сүйүндүева, КФ «Жалпы иш»;
  54. Калия Молдогазиева, Экология жана денсоолук боюнча эксперт;
  55. Валентина Гриценко, «Справедливость» укук коргоо уюму;
  56. Асел Айтматова, «Smartum» Smartum /AMAkids интеллекти өнүктүрүү академиясы;
  57. Чолпон Өмүрканова, укук коргоочу;
  58. Укей Мураталиева, «Назик Кыз» коомдук бирикмесинин башчысы;
  59. Мира Карыбаева, конфликтология, адам укуктары, гендердик теңчилик боюнча эксперт;
  60. Мария Абакирова, «Маек фильм» коомунун мүдүрү;
  61. Абира Кенжетаева, пенсионер;
  62. Тажикан Шабданова, «Эл аралык толеранттуулук үчүн» Коомдук бирикмеси;
  63. Чинара Айтбаева, «Биздин Кылым» КФ;
  64. Базаргүл Эшиева, Кыргыз Республикасынын жараны;
  65. Рахат Шакирова, «Благодать», коомдук фонду;
  66. Мира Абдраимова, коомдук ишмер;
  67. Бирюкова Виктория, жарандык активист;
  68. Назира Султангазиева, Кыргыз Республикасынын жараны;
  69. Жылдыз Шатманалиева, дарыгер;
  70. Айжан Жумалиева, «Институт консалтинга и права» КФ;
  71. Тамара Цой, «Уккум келет» ОБФ негиздөөчүсү;
  72. Азиза Сактанова, Нурзаман КБ;
  73. Нуржамал Шабданова, Эне үнү КБ;
  74. Чолпон Султаналиева, жарандык активист;
  75. Жылдыз Насирова, жарандык активист;
  76. Айзада Алымова, жарандык активист;
  77. Назгүл Төлөпбергенова, жарандык активист;
  78. Анара Касымбекова, Кыргыз Республикасынын жараны;
  79. Анаргүл Оморова, Кыргыз Республикасынын жараны;
  80. Аида Садыкова, Кыргыз Республикасынын жараны;
  81. Айнура Кенжакунова, Кыргыз Республикасынын жараны;
  82. Нурия Темирова, жарандык активист;
  83. Букена Токсобаева, ардагер;
  84. Нуржан Жумагазиева, журналист;
  85. Назгүл Мирзаматова, дарыгер;
  86. Жылдыз Кудайберген, жарандык активист;
  87. Айгүл Насирдинова «Урбанистика» аймактык жана шаарларды өнүктүрүү коомдук фондунун төрайымы;
  88. Замира Сыдыкова, коомдук ишмер;
  89. Жаңыл Сабирова, консультант-эколог, жарандык активист;
  90. Айсулуу Кудайбердиева, жарандык активист;
  91. Чынара Аскарбекова, жарандык активист;
  92. Валентина Иванова, жарандык активист;
  93. Бурулсун Курманалиева, жарандык активист;
  94. Жолдошбек кызы Наргиза, жарандык активист;
  95. Зубайда Токтосунова, жарандык активист;
  96. Сагипа Исламова, жарандык активист;
  97. Мамытова Зайнап;
  98. Айзада Абдыкапарова, жарандык активист.

Ошондой эле, социалдык тармактар аркылуу 4 миңден ашык аялдардын колу чогулду.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.